Айыл Банк ESG жол картасын тартуулады

29.04.2024

2024-жылы 29-апрелинде "Айыл Банк" ААКтын башкы кеңсесинде Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте иштелип чыккан ЕSG-стратегиясын жана аны ишке ашыруунун жол картасын сунуштады.


Бул окуя калкты ESG-экология тармагындагы социалдык жоопкерчилик жана корпоративдик башкаруу (Environmental, Social, Governance) башкаруу чөйрөсүндөгү аралык стандарттарга жана принциптерге ылайык келүүгө багытталган банктын стратегиялык өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам болуп калды.
Иш-чарага АӨБ өкүлдөрү: Орто жана Батыш Азияларындагы жеке секторду өнүктүрүү боюнча аймактык жетекчиси Энрико Пинали, АӨБдин Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк директору Чжэн Ву, ошондой эле, ESG-стратегиялык жана каржы маселелерине кызыкдар тараптар катышышты. 
Жол картасы экологиялык жоопкерчиликке, социалдык адилеттүүлүккө жана башкаруучулук маселелерге багытталган иштин негизги багыттарын белгилеген жана алар банктын бизнес-процесстерин өркүндөтүү үчүн негиз болуп калат.


Айыл Банктын башкармалыгынын төрагасы Тилек Алимджанов АӨБ менен кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. "Бул өнөктөштүк туруктуу өнүктүрүү жаатында биздин максаттарга жетүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биз экономикалык өсүшкө гана эмес, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана Кыргызстанда социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылууга умтулабыз. Өкмөт биздин туруктуу өнүгүүгө умтулуубузда маанилүү ролду ойногон бул демилгени толук колдойт. Бул кадамдар жашыл экономиканы жана туруктуу өнүгүүнү түзүү үчүн зарыл". 


Кошумчалай кетчү жагдай, 30-апрелде Айыл Банк бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн банктын ички мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө багытталган даярдоо жана окутуунун кеңири программасынын бир бөлүгү болуп саналган, ESG жаатында потенциалды жогорулатуу максатында өз кызматкерлери үчүн семинар уюштурууда.
Банктын туруктуу өнүгүү жана ишти жоопкерчиликтүү жүргүзүү принциптерине берилгендигине негиз болуп, биздин кардарлардын, кызматкерлердин жана коомдун узак мөөнөттүү ийгилигинин жана бакубаттуулугунун кепилдиги болуп саналат деген ишенимди чагылдырат.

← Тизме боюнча артка