Айыл Банк "Жаз Деми" марафонунда

15.04.2024

Айыл Банк "Nomad Sport" тарабынан жыл сайын уюштурулган "Жаз деми" чуркоосуна активдүү катышты.

Жарым марафон 14-апрелде Бишкекте өтүп, ага Банктын 90 кызматкери катышты.

Айыл Банктын  Санариптик продуктыларды өнүктүрүү, ишке киргизүү жана колдоо башкармалыгы бөлүмүнүн кызматкери Зарлыкова Бермет Айтбековна 10 км аралыкка чуркоодо марага биринчи болуп келди. Аны бул жетишкендиги менен куттуктайбыз! 

Айыл Банк мындай иш-чараларга өз кызматкерлерин тартуу менен сергек жашоо образын ар дайым активдүү колдойт. Бул коллективде тартипти жана мотивацияны чыцдоого жардам берет.

Сергек жашоону колдоодо бизге кошулуңуз!

← Тизме боюнча артка