Айыл Банк Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында уюштурган бир катар иш-чараларды ийгиликтүү аяктады.

04.04.2024

Айыл Банк Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында уюштурган бир катар иш-чараларды ийгиликтүү аяктады.

«Акчаңды коргоп, келечегиңди камсызда» аталышдагы ураан менен ишке ашып жаткан Дүйнөлүк акча жумалыгы аяктагандыгын кубануу менен жарыялайбыз. Аталган маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Улуттук банкын, мамлекеттик органдарды, коомдук жана эл аралык уюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана микрофинансылык уюмдарын, анын ичинде биздин банк – Айыл Банкты бириктирди. 

Бишкекте 4-апрель күнү Дүйнөлүк акча жумалыгына арналган акыркы иш-чара жыйынтыкталды. Айыл Банктын Ош, Каракол, Токмок, Нарын жана Жалал-Абад шаарларындагы филиалдары мектептердин жана жогорку окуу жайлардын окуучулары менен студенттерине эшигин ачты.

Банк кызматкерлери студенттер менен финансылык сабаттуулук, акчанын тарыхы жана келечектеги бакубаттуулукту камсыз кылууда каржынын ролу тууралуу маектерди өткөрүштү. Семинардын жүрүшүндө сынактар, оюндар, финансылык сабаттуулук боюнча сабактар уюштурулуп, банктык продуктылардын көргөзмөлөрү өткөрүлдү. Ар бир семинардын аягында суроо-жооп уюштурулуп, эң активдүү катышуучуларга Банктын фирмалык товарлары ыйгарылды.

Бишкек шаарында «Айыл Банк» ААКтын башкаруучу директору Нуржан Мусилинова жана Кредиттөө департаментинин аймактык менеджери Жамбулот уулу Арстанбек  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 2,3,4-курстар үчүн лекция окушту. Банктын өкүлдөрү каржылык пландаштыруу, жеке каржыны башкаруу боюнча баалуу кеңештери менен бөлүшүп, кредитке кайрылуунун артыкчылыктары жана тобокелдиктери жөнүндө айтып беришти, ошондой эле баа саясаты тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди. Иш-чаранын соңунда активдүү катышуучуларга да Банктын фирмалык товарлары белекке берилди.

Айыл Банк финансылык кызмат көрсөтүүнү гана эмес, коомдун финансылык маданиятын калыптандырууга жигердүү катышууну да көздөйт. Биз өсүп келе жаткан муунду каржылык жактан аң-сезимдүү болууга жана алардын келечектеги бакубаттуулугу үчүн жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алууга колдоо көрсөтүп, шыктандырып жаткандыгыбыз менен сыймыктанабыз.

Дүйнөлүк акча жумалыгы Айыл Банк менен бирге!
 

← Тизме боюнча артка