“Айыл Банк” ААКдан жылына 8% газдаштыруу!

08.04.2024

“Айыл Банк” ААКдан жылына 8% газдаштыруу!

Абанын булганышы менен күрөшүү үчүн “Айыл Банк” ААК жана “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы “Газдаштырууну жеңилдетилген каржылоо-2” долбоорун улантууда.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары турак жайларды жана коммерциялык объекттерди газдаштыруу үчүн Айыл Банктан пайдалуу кредит ала алышат.

“Газдаштыруу” кредиттик продуктусунун шарттары:
-күрөөсүз, кепилдиксиз же өздүк салымсыз;
-кредиттин суммасы 150 000 сомго чейин, мөөнөтү 24 ай;
-төмөндөтүлгөн пайыздык чен - жылдык 8%;
-комиссиялар жок (КИБ жана накталай акча алуу комиссиясы).

Кредиттин  максаты: 
-курулуш-монтаждоо иштери;
-газ жылытуу казандарын орнотуу/сатып алуу;
-керектелүүчү материалдарды сатып алуу;
-газдаштыруу үчүн мурда алынган кредиттерди кайра каржылоо.
-Эффективдүү көрсөткүч - 8,28%.

Газдаштыруу – Бишкек шаарыбыздын экологиялык жактан таза келечегин курууга карай маанилүү кадам болуп саналат.

Сизди камкордук менен –"Айыл Банк" !

← Тизме боюнча артка