“БЕРЕКЕ” акча которуулар тутумунун жаңы катышуучусу ОК "АМАНБАНК" ААК

16.11.2016

“БЕРЕКЕ” акча которуулар тутуму ОК "АМАНБАНК" ААКта өндүрүлдү, “БЕРЕКЕ” тутумунун оператору болуп “Айыл Банк” ААК саналат. Эми “БЕРЕКЕ” тутумунун кардарлары Кыргыз Республика боюнча төмөнкү банктар аркылуу акча которууларды тез жана коопсуз жөнөтүүгө жана алууга мүмкүнчүлүк алышты:

  •  “Айыл Банк;
  •  Кыргыз Инвестициялык-Насыялык Банк;
  •  Дос-Кредобанк;
  •  Капитал Банк;
  •  Кыргыз-Швейцариялык Банк;
  •  Кыргызкоммерцбанк;
  •  Евразиялык Сактык Банк;
  •  Халык Банк Кыргызстан;
  •  Чанг Ан Банк;
  •  МФК "Инком";
  •  Азия Банкы;
  •  АМАНБАНК
  • Кыргызстан боюнча акча которуулар үчүн комиссия – валютага карабастан, суммадан 0,1%.
  • Которуунун валютасы – кыргыз сому, орус рубли, казах тенгеси, АКШнын доллары жана евро.

 

 “БЕРЕКЕ” тутумунун пайдалануучулары, банк эсебин ачпастан, Кыргыз Республикасынын бүт аймагы боюнча акча которууларды тез жөнөтүүгө жана алууга мүмкүнчүлүк алышты:

БЕРЕКЕ” тутуму боюнча которууну жүргүзүү үчүн жөнөтүүчү болгону паспортту көрсөтөт, алуучу болсо паспортту көрсөтөт жана которуунун кодун айтат.

Жөнөтүүчүлөр үчүн “БЕРЕКЕ” тутумунун артыкчылыгы, биринчи ирет, жөнөтүүгө арзан тариф, коопсуздук жана которуу алуучуга берилет дегенге 100% ишеним. 

 

 

← Тизме боюнча артка