Контракттарды банктык коштоонун артыкчылыктары жана ал эмне менен камсыздайт?

24.07.2023

Контракттарды банктык коштоонун артыкчылыктары жана ал эмне менен камсыздайт?

Контракттарды банктык коштоо (КБК) - бул Банк тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын топтому. Ал келишимди аткаруунун катышуучуларына банкта өзүнчө эсептер системасын пайдалануу менен контрактты аткаруунун алкагында ишке ашырылган эсептешүүлөргө мониторинг жүргүзүү, акча каражаттарынын максаттуу сарпталышын көзөмөлдөө, ошондой эле акча каражаттарынын чыгымдалышынын натыйжалары жөнүндө маалымдоону камтыйт.

КБК эмне менен камсыздайт?
• каражаттарды товар өндүрүүчүлөр жана акыркы жумуш аткаруучуларга жеткирүү
• келишимди аткаруунун катышуучуларынын ортосунда ачык эсептешүү
• шектүү келишимдерди жокко чыгаруу
• бааларды көзөмөлдөө
• салык мүнөзүндөгү тобокелдиктерди азайтуу

Бизнесиңиз үчүн КБКнын артыкчылыктары:

  • Контракт жана келишим боюнча эсептерге Банк коштоо жүргүзөт
  • Банк кеңсесине барбастан, көзөмөлдөө жыйынтыктарынын натыйжасын алуу мүмкүнчүлүгү
  • Көзөмөлдөөнүн параметрлери сиздин керектөөлөрүңүзгө жараша коюлат


КБК тууралуу кененирээк маалыматты жана суроолорго жоопторду ab.kg сайтынан таба аласыз.

← Тизме боюнча артка