AБ 24 аркылуу башка банктарга акча которуулар.

25.03.2024

AБ 24 аркылуу башка банктарга акча которуулар!

AБ 24 Оптима, Бакай Банк, KICB жана Элсом сыяктуу банктарга түз акча которуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен сизди кубантат.

Кантип которуу керек:

- Башкы бетке өтүңүз.
-“Төлөмдөр жана которуулар” бөлүмүн басыңыз.
- "Которууларды" тандаңыз.
-Андан соң  "Башка банкка жана агентке которуулар" бөлүмүнө өтүңүз.
-Акча которуу үчүн каалаган банкты тандаңыз.

Шарттары:

Оптима:
-Которуунун минималдуу суммасы 20 сом.
-Эң жогорку сумма - 50 000 сом (бир жолку төлөм үчүн).
-Комиссия: сумманын 1%. Сиздин эсебиңизди жана картаңызды толуктоо мүмкүнчүлүгү бар.

Bakai Bank:
- Которуунун минималдуу суммасы 1 сом.
-Эң жогорку сумма - 50 000 сом (бир жолку төлөм үчүн).
-Комиссия: сумманын 0,5%. Эсепти телефон номери, карта менен толуктап, депозитке салып, насыяны төлөөгө болот.

Элсом:
- Которуунун минималдуу суммасы 1 сом.
-Эң жогорку сумма - 50 000 сом (бир жолку төлөм үчүн).
-Комиссия: сумманын 1%. Телефон номери аркылуу толуктоо мүмкүн.

AБ24 менен акча которуулар – оңой жана ыңгайлуу!

← Тизме боюнча артка