«Ислам каржылоо принциптери» китеби

19.03.2024

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир катар жылдардан бери калайык-калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жагында жүргүзүп келген таасирдүү  иш-чаралардын алкагында  «Ислам каржылоо принциптери»  колдонмосу өзүнчө китеп болуп даярдалып, жарык көрдү. Колдонмо Улуттук банктын Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча адабияттарды басып чыгаруу максатында түзүлгөн редакциялык кеңеш тарабынан колдоого алынып, Ислам Өнүктүрүү банкынын «Ысык-Кѳл жана Нарын областтарындагы сугат жерлерин иштетүүнү ѳнүктүрүү» долбоорунун алкагында  даярдалып, каржыланган.

Колдонмо AAOIFI CIPA Shari’ah Standards and Shari’ah Governance (SS&SG) китебинин Section А бөлүгүнөн  алынып, “Айыл Банк” ААКсынын Шариат кеңешинин мүчөсү  Жумадыл Акматжан тарабынан англис тилинен кыргызчага которулуп, аталган банктын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Нургүл Садыкова тарабынан редакцияланып, толук   иштелип чыгуу менен колдонмо катары сунушталган.
Колдонмо сегиз бөлүктөн турат жана ар бир бөлүгүндө ислам принциптери боюнча каржылоо шарттары кеңири чечмеленип, так түшүндүрмө берилген.

← Тизме боюнча артка