Айыл Банк “Агродиалог 2024” форумунда

26.02.2024

Биздин банк 26-28-февраль күндөрү Бишкек шаарында, 29-февралдан 2-мартка чейин Ош шаарында өтүп жаткан «Агродиалог 2024» форумуна активдүү катышууда.

Биздин кызматкерлер, бардык аймактардан келген фермерлерге, кайра иштетүүчүлөргө жана өндүрүүчүлөргө  жеңилдетилген кредиттер тууралуу кеңештерди беришүүдө.

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору ишке ашкандан тарта, «Айыл Банк» тарабынан 46 агрегаторго жана 2464 фермерге жалпы суммасы 4,2 млрд сомдон ашуун кредит берилди. Ошондой эле, бүгүнкү күндө 1,901 миллиард сомдук 580 даана айыл чарба техникасы лизингге алынып, 144 173 миң сомдук 600 баш жогорку сүт багытындагы уйлар берилди. 

“Агродиалог 2024” иш-чарасын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги уюштурууда.
 

← Тизме боюнча артка