"Айыл Банк" ААКсынан ишкерлер үчүн жаңы иштелип чыккан “Береке” мобилдик тиркемеси 

02.03.2024

"Айыл Банк" ААКсынан ишкерлер үчүн жаңы иштелип чыккан “Береке” мобилдик тиркемеси 

Банк, орто жана чакан бизнесте иш алып барышкан ишкерлер үчүн атайын иштелип чыккан “Береке” мобилдик тиркемеси ишке киргшизилип жаткандыгы тууралуу кубануу менен маалымдайт.  

Тиркеме ишкерлерге товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү мобилдик жабуу аркылуу ишке ашырууга, товарларды эсепке алууну жүргүзүүгө мүмкүндүк берип, дагы башка көптөгөн жеңилдиктерди сунуштайт. 

Функциялары:

-Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу аралыктан тастыктоо; 
-Мамлекеттик салык кызматында жеке ишкер катары каттоодон өтүү;
-Төлөмдөрдү кабыл алуу;
-Банктык эсептерди тескөөгө алуу;
-ИНН боюнча маалыматтарды сунуштоо;
-Электрондук патентти тариздетүү;
-Салыктарды төлөө;
-Кыймылдуу мүлк салыгын төлөө;
-Кыймылсыз мүлк салыгын төлөө;
-Жеке адамдын жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгүн текшерүү;
-Салык төлөөчүнүн карыздарынын бар-жоктугун текшерүү.
  
Биздин “Береке” тиркемебизден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Калкты тейлөө борборлорунда Индентификациялоо Бирдиктүү Системасында же болбосо Түндүк мобилдик тиркемесинде алдын-ала каттоодон өтүп алууну сунуш кылабыз. 

Биздин жаңылануу иштерибизден алыстабаңыздар – жакында релизи да чыгат!

← Тизме боюнча артка