Көңүл буруңуз! Шылуундарга алданып калбаңыз!

19.01.2024

Көңүл буруңуз! Шылуундарга алданып калбаңыз!

Урматтуу кардарлар, сиздерден жеке маалыматыңызды үчүнчү жактарга бербөөнү суранабыз. Учурда алдамчылык фактылары көбөйүүдө.

Алдамчылар Айыл Банктын атынан кардарларга телефон чалып, өздөрүн банктын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, текшерүү шылтоосу менен мобилдик түзмөгүңүзгө кирүү үчүн тиркеме орнотууну суранышат.

Мындай тиркемелер алдамчыларга сиздин бардык эсептериңизге, аккаунттарыңызга жана жеке маалыматтарыңызга аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн берет!

Бардык досторуңузга жана үй-бүлөңүзгө эскертип коюңуз, бул шылуундардын колдонгон ыкмалары – белгисиз номерлерден чалуулар, шектүү тиркемелерди орнотуу, жеке маалыматтарга суроо-талаптар, спамдарды таратуу, утуштары бар баракчаларга шилтемелер болуп саналат. 

Финансылык коопсуздугуңуз үчүн эч кандай шартта өзүңүздүн жеке маалыматыңызды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбаңыз, анын ичинде телефонуңузга текшерилбеген тиркемелерди орнотпоңуз жана шилтемелерге кирбеңиз!

Эгерде сиз алдамчылыкка туш болсоңуз же кылмышкерлер маалыматыңызды алууга аракет кылып жаткандыгына шектенсеңиз, анда биз менен күнү-түнү байланышыңыз!

Биздин ишенимдүү номурлар:

5511 (чалуу акысыз)
0312 68-00-00
What’sapp: +996 770 551 100

Айыл Банк - Сизге жакын!

← Тизме боюнча артка