"Айыл Банк" ААКтын Элкарт картасынын колдонуучуларына эскертүү

11.10.2023

"Айыл Банк" ААКтын Элкарт картасынын колдонуучуларына эскертүү.

2023- жылдын 1- октябрынан баштап банктардын өз ара достук түйүнү алкагында айлык акы долбоору, социалдык төлөмдөр жана пенсионерлердин Элкарт карта ээлеринин накталай акча алууда " Бакай Банк" ААК, " КИКБ"ЖАК,  " Азия  Банк" ЖАК ,  " Дос-Кредобанк" ААК,  " ФинансКредитБанк КАБ" ААК,  жана" Капитал Банк" ААК  менен кызматташуубуз токтогонун эскертебиз.

Мындан ары бул банктардын банкоматтарынан накталай акча алуунун комиссиясы 0.6% түзөөрүн унутпаңыз.

Мындан ары банктардын өз ара достук түйүнүнүн алкагында  айлык акы долбоорунун, социалдык төлөмдөр жана пенсионерлердин ЭЛКАРТ картасынын ээлери накталай акчаны «РСК Банк» ААК жана «Керемет Банк» ААКтын банкоматтарынан комиссиясыз ала алат.

5511 (чалуу акысыз)
0312 68-00-00

Айыл Банк - сизге жакын!

← Тизме боюнча артка