⠀ "Айыл Банк" ААКсы сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен куттуктайт

06.10.2023

Урматтуу Жарандык авиациянын кызматкерлери!

"Айыл Банк" ААКсы сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация күнү менен куттуктайт!

Жарандык авиация - бул эң керектүү тармак. Анткени миңдеген, миллиондогон адамдар планетанын бир бурчунан экинчи бурчуна жетүүнү каалайт. Сиздер алардын бул максатынын орундалышына жардам берип, өбөлгө түзүп жатасыздар. Ошондой эле, авиация эр жүрөк жана чечкиндүү адамдарга, чыныгы баатырларга гана таандык.

Сиздерге чың ден соолук, жагымдуу аба ырайы, ачык асман жана бакубат жашоо каалайбыз. Учактарыңыздар бийиктеп уча берсин! Ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун! 

← Тизме боюнча артка