«Айыл Банк» ААК кредиттик конвейер орнотту

22.08.2023

«Айыл Банк» ААК кредиттик конвейер орнотту!

Банк "Ишкана атаандаштыгы" гранттык жардамынын алкагында (USAID долбоору) Business & Finance Consulting (BFC)швейцариялык компаниясынан Master APS кредиттик конвейерин сатып алып, орнотту.

Кредиттик конвейерди киргизүүнүн негизги максаты чакан жана орто бизнес үчүн кредиттерди берүү процессин автоматташтыруу болуп саналат.

Кредиттик конвейерди киргизүү кредиттик продуктуларды тариздөөнүн натыйжалуулугун жогорулатууга, күндөлүк банктык процесстерди бириктирүүгө, операциялык чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, кредиттик конвейер ар кандай маалымат базаларында кардарды верификациялоо маселелерин чечет. Анын ичинде "Түндүк" ведомство аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумуна интеграциялоо жолу менен өтүнмөлөрүн иштеп чыгууну автоматташтырат жана сапатын төмөндөтпөстөн бизнес-процессти аткаруу ылдамдыгын жогорулатат.

Натыйжада, Банк төмөнкү артыкчылыктарга ээ болот:

  • Кредиттик процессти башкаруу куралы;
  • Кредиттик циклди оптималдаштыруу;
  • Кызматкерлердин жана кардарлардын убактысын сарамжалдуу пайдалануу;
  • Операциялык каталарды азайтуу;
  • Кол жасалган операцияларды автоматташтыруу;
  • Бизнестин өндүрүмдүүлүгүн жана жалпы натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • Автоматташтырылган кросс-текшерүүлөр;
  • Аналитикалык функцияларды стандартташтыруу;
  • Алдамчылык көрсөткүчтөрүн алдын алуу камтылган;
  • Кредиттик тобокелдикти талдоо;
  • Рыноктун позициясын күчөтүү.


Айыл Банк - сизге жакын!

5511 (чалуу акысыз)
0312 68-00-00

← Тизме боюнча артка