"Айыл Банк" ААКысынын акционерлеринин 2023-жылдын 18-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйыны

18.08.2023

"Айыл Банк" ААКысынын акционерлеринин 2023-жылдын 18-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында Банктын Директорлор кеңешинин аты-жөнү төмөндө көрсөтүлгөн мүчөлөрүнүн ыйгарым  укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:

-         Директорлор кеңешинин  төрагасы Н.А.Абдрашевдин;

-         Директорлор кеңешинин мүчөсү Т.С. Турумбековдун;

-         Директорлор кеңешинин мүчөсү Н.У. Алакованын (Н.У.Алакова өз каалоосу боюнча арыз жазуусуна байланыштуу).

Ошону менен  бирге эле, акционерлердин чечими менен:

-         Эржанов Максат Советбекович – Директорлор кеңешинин төрагасы;

-         Молдобеков Камбар Амантурович – Директорлор кеңешинин мүчөсү;

-         Суюмбаева Алтынай Казыбаевна – Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп 4 (төрт) жылдык мөөнөткө шайланышты.  

← Тизме боюнча артка