Эми ЭЛКАРТ картасын болгону бир нече мүнөттүн ичинде ачтыра аласыз!

18.08.2023

Эми ЭЛКАРТ картасын болгону бир нече мүнөттүн ичинде ачтыра аласыз!

«Айыл Банк» ААК алдын ала чыгарылган ЭЛКАРТ картасы аттуу жаңы банктык продуктусун сунуштайт.

Алдын ала даярдалган ЭЛКАРТ картасы -  бул, кардардын картаны алууга арыз жазганга чейин чыгарылган карта. Ал белгилүү бир кардардын ачылган эсебине байланат.

"Айыл Банк" ААКтын ЭЛКАРТ картасы бул:
⚡️ бир нече мүнөттүн ичинде заматта ачуу
⚡️ банктын бардык кызматтарына толук жеткиликтүүлүк
⚡️ Банктын "АБ24" мобилдик тиркемеси аркылуу кредит төгүү мүмкүнчүлүгү
⚡️ жеке бюджетти эффективдүү түрдө башкаруу

Картанын жарактуулук мөөнөтү - 3 жыл
Картаны чыгаруу акысы - 200 сом

Алдын ала чыгарылган картаны биздин Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылып, алуу мүмкүнчүлүгүңүз бар!

Кененирээк маалыматты төмөнкү номерлерден ала аласыз:
5511 (чалуу акысыз)
0312 68-00-00

← Тизме боюнча артка