АБ24 мобилдик тиркемесиндеги сырсөздүн жарактуулук мөөнөтүнүн 3 жылга чейин узартылды

03.08.2023

Урматтуу кардарлар,

АБ24 мобилдик тиркемесиндеги сырсөздүн жарактуулук мөөнөтүнүн 3 жылга чейин узартылганына байланыштуу, каттоо эсебиңиздин коопсуздугун камсыздоо үчүн сизге сырсөзүңүздү убагы менен жаңыртып, эң аз 8 символдон турган сырсөздү орнотууңузду сунуштайбыз. Тиркемеге кирип, сырсөздү жазууда 3 жолу терүү мүмкүнчүлүгүңүз бар экенине көңүл буруңуз. Эгер бул чектөөдөн ашып кетсеңиз, сиздин каттоо эсебиңизге бөгөт коюлуп калышы мүмкүн. Сырсөздү жаңыртуу үчүн төмөнкү нускама боюнча иш алып барыңыз:

1. Жөндөмөлөр бөлүмүнө кириңиз.

2. "Сырсөздү өзгөртүү" пунктун тандаңыз.

3. Учурда ишенимдүү код менен корголгон сырсөзүңүздү жазыңыз.

4. Эң аз 8 символдон жана атайын символдордон (! ” № ; % : ? * ( ) _ + # $ ^ &) турган жаңы сырсөздү териңиз.

5. Жаңы сырсөздү дагы бир жолу терип, аны тастыктаңыз.

6. Аны колдонуу үчүн "Сактоо" баскычын басыңыз.

7. SMS-билдирүүгө келген кодду жазып, сырсөздү алмаштыруу иш-аракетин тастыктаңыз.

Жаңы сырсөзүңүздүн сиз үчүн ишенимдүү, жаттоого оңой болгонун текшериңиз. Ошондой эле, ал башкалар үчүн оор болуш керек.

Эгер суроолоруңуз болсо, биздин байланыш борборубуздун 5511(чалуу акысыз) номуруна кайрылыңыз. Каттоо эсебиңиздин коопсуздугун сактоого көрсөткөн жардамыңыз жана түшүнүү менен кабыл алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

← Тизме боюнча артка