Абайлаңыз, шылуундар! 

02.08.2023

Абайлаңыз, шылуундар! 
⠀ 
Көңүл буруңуз, "Айыл Банк" ААКсы эч кандай ойнотууларды өткөргөн жок. 
⠀ 
Сак болуңуз, мессенджер, SMS, e-mail аркылуу келген ишенимсиз шилтемелерге кирбеңиз. 
⠀ 
Шылуундар Банктын атынан акча каражаттары ойнотулуп жаткандыгы жана ал каражаттарды алуу үчүн сиздин банктык картаңыздын маалыматын киргизүү зарыл экендиги тууралуу жалган маалыматтарды активдүү таркатууда. 
⠀ 
Сиздин финансылык коопсуздугуңуз үчүн Банк сизге жеке маалыматыңызды, анын ичинде:

  • картаңыздын номерин 
  • PIN кодуңузду 
  • картанын жарактуулук мөөнөтүн 
  • CVV/CVC коддорун (коопсуздук коддору, картанын арткы бетинде кол коюу тилкесинде жазылган акыркы 3 цифра) 
  • SMS тастыктоо коддорун (тексттик билдирүүлөрдө келген) 

камтыган маалыматтарыңызды үчүнчү жактарга билдирбөөңүздү сунуштайт. 

⠀ 
Эгерде сиз алдамчылык фактыларына туш болсоңуз же шылуундардын сиздин маалыматтарыңызга жетүүгө аракет кылып жаткандыгынан шектенсеңиз, Банктын Байланыш борборуна кайрылууңузду суранабыз: 
⠀ 
5511 (чалуу акысыз) 
0312 68-00-00

← Тизме боюнча артка