«Айыл Банк» ААКысы кредиттерди өздөштүрүү боюнча лидер болуп саналат

31.05.2023

 «Айыл Банк» ААКысы "Жеке жана финансы секторун дароо колдоого алуу" долбоорунун алкагында пайызсыз кредиттерди өздөштүрүү боюнча лидер болуп саналат

 

“Жеке жана финансы секторун дароо колдоого алуу” долбоорунда, пайызсыз негизде кредиттерди сунуштоо жолу менен майда, чакан жана орто ишкерлерге кайтарылуучу алынуучу финансылык жардамды (КФП) сунуштоо шарты каралган. Долбоор – Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги  жана “Айыл Банк” ААКсы катарына кирген өлкөнүн 12 коммерциялык банкы менен биргеликте Дүйнөлүк банк (2021-жылдан тартып) жана Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы (АИИБ, 2022-жылдын 19-сентябрынан тартып) эл аралык донорлордун колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

Төмөндө, долбоор боюнча бүтүндөй берилген суммалар жана "Айыл Банк" ААКысы тарабынан берилген суммалар чагылдырылган:           

1-таблица

Банктын аталышы

Бардыгы болуп өздөштүрүлгөнү
(сом)

Берилген КФП саны (1- категория)

Берилген КФП саны (2- категория)

Берилген КФПнын жалпы саны

КПФнын берилген суммаларынан салыштырма салмагы

Берилген (саны) КПФдан салыштырма салмак (%)

Айыл Банк

1 342 384 539

2 348

56

2 404

38,62%

39,01%

Калган  11 коммерциялык банк

2 133 474 279

3 134

624

3758

61,38%

60,99%

Жыйынтыгында, долбоор боюнча

3 475 858 818

5 482

680

6 162

100%

100%

 

Жогорудагы таблицада көрүнүп тургандай, аталган долбоордун алкагында өлкөнүн 6 162 майда, чакан жана орто ишкерлерге 3,48 млрд. сом берилген, анын ичинде 2 404 ишкерге 1,34 млрд. сом Айыл Банк аркылуу сунушталган. Демек, жалпы берилген сумманын ичинен Айыл Банктын салыштырма салмагы 38,62 пайыздан көбүрөөктү, саны боюнча 39,01 пайызды түзгөн.

 

2023-жылдын 26-майына карата донорлор боюнча берилген КПФ

2-таблица

Тилкелердин аталышы

Алынганы

Өздөштүрүлгөн КПФ

Саны

Калдык, сумма

Дүйнөлүк банк каражаттары (1- категория)

1 241 416 539

1 243 597 539,37

2 348

-2 181 000

АИИБ каражаттары (2- категория)

121 950 000

98 787 000,00

56

23 163 000

Жалпы жыйынтык

1 363 366 539

1 342 384 539,37

2 404

20 982 000

 

2-таблицада көрүнүп тургандай, Дүйнөлүк банктан алынган 1 241 416 539  сом суммасындагы каражаттар толугу менен өздөштүрүлгөн, 2023-жылдын март айынан тартып Дүйнөлүк банк каржылоону токтоткондугуна байланыштуу Банк тарабынан Банктын өздък каражатынан 2 181 000 сом берилген.

Бул жерде, Айыл Банктын эсебинен берилген 2 181 000 сом суммасындагы КПФ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кайтарылып бериле электигин жана 2023-жылдын 1-чейреги ичинде айкын берилген каражат суммасынан 3% өлчөмүндө агенттик кызмат көрсөтүү үчүн  сый акы да төлөнө электигин белгилеп кетүү зарыл.

АИИБнын каражаттарынын эсебинен 2-категория боюнча 2023-жылдын май-июнь айларында төлөп берүү үчүн акыркы ирет 2023-жылдын 23-майында Банкт тарабынан 20 млн. сом алынган. Учурда алынган каражат өздөштүрүлүп жатат.

 

2023-жылдын 26-майына карата областтар боюнча КПФнын берилиши

                                                                                   3-таблица

Областтар

КПФ суммасы

КПФ саны

КПФ суммасы, %

КПФ саны, %

Бишкек шаары

83 788 000

115

6,24%

4,78%

Чүй областы

152 253 939

252

11,34%

10,48%

Ысык-Көл областы

161 285 600

275

12,01%

11,44%

Ош областы

213 880 000

436

15,93%

18,14%

Жалал-Абад областы

275 530 000

480

20,53%

19,97%

Талас областы

84 220 000

112

6,27%

4,66%

Нарын областы

173 617 000

418

12,93%

17,39%

Баткен областы

197 810 000

316

14,74%

13,14%

Жалпы жыйынтык

1 342 384 539

2 404

100%

100%

 

Областтар боюнча алынган көрсөткүчтөргү ылайык, 2023-жылдын 26-майына карата берилген сумма боюнча эң чоң салыштырма салмакты Жалал-Абад областы (20,53%), андан ары Ош  областы (15,19%) жана Баткен (14,74%) областы ээлейт. 

Буга чейин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда  депутат Жанар Акаев, ишкерлердин “Жеке жана финансы секторун дароо колдоо” долбоору боюнча пайызсыз кредиттерди алуусуна Кыргывзстандын банктары тоскоолдук жаратып жатканын билдирген. Ушундан улам, "Айыл Банк" ААКысы ишти долбоордун алкагында жүзөгө ашырып жаткандыгын жана финансылык жардам алууга эч кандай тоскоолдук жогтугун билдирет. Пайызсыз ссуда алуу үчүн талап кылынган документтер топтомун кароого сунуштоо гана жетиштүү.

← Тизме боюнча артка