«Айыл Банк» ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны болуп өттү (ГОСА)

29.03.2023

Урматтуу кардарлар,

Бүгүн, 29-март күнү Айыл Банк» ААКсынын акционерлеринин жылдык жалпы жыйыны өтүп, жыйында Банк Башкармасынын Төрагасы Тилек Алимджанов иш жыйынтыгы боюнча ырааттуу баяндаманы кароого сунуштап, бардык иш багыты боюнча Банк алгылыктуу өсүш арымын сактап, финансылык жактан туруктуулугун тастыктагандыгын баса белгиледи.

Жыйында 2022-жыл жыйынтыгы боюнча таза пайдадан 100% өлчөмүндө дивиденддерди төлөө чечими бекитилди.

"Айыл Банк" ААКсы – өлкөнүн агросекторун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программларды ийгиликтүү ишке ашырган, жеке адамдарды жана корпоративдик кардарларды, инвестициялык банк бизнесин, сооданы каржылоону камтыган сапаттуу банктык кызмат көрсөтүүнүн толук топтомун ырааттуу сунуштоого жетишкен, эң эле таасирдүү ири финансылык институт болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Айыл Банк дээрлик бардык финансылык көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы сапта ишенимдүү илгерилеп келет.

← Тизме боюнча артка