“Айыл Банк” 6%дык жеңилдетилген насыяларды бере баштады

15.03.2023

«Айыл Банк» «Айыл чарбасын каржылоо-11» мамлекеттик программасынын алкагында жеңилдетилген насыяларды бере баштады.

"АЧК-11" долбоорунун алкагында насыялар жылына 6% менен эки категория боюнча берилет:

- мал чарбачылыгына;

- өсүмдүк өстүрүүгө.

Ошондой эле:

-150 миң сомго чейин, 18 айга чейинки мөөнөт менен – күрөөсүз негизде каржыланат;

-500 миң сомго чейин, 36 айга чейинки мөөнөт менен - күрөөлүк негизде. 

Сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиялары (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу, гидропондук сугаруу), күнөскана чарбалары, интенсивдүү багбанчылык, канаттууларды багуу,  балык өстүрүү;  балчылык;  асыл тукум малды сатып алуу, кыркын пункттарын жана жугушсуздандыруучу ванналарды куруу жана жабдуу жана жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдууларды алуу – алектенген субъектер үчүн  5,0 млн сомго чейин, 60 айдан ашык эмес мөөнөткө берилет. 

Белгилей кетсек, «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору 2023-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө багытталган.

← Тизме боюнча артка