"Айыл Банк" ААКсы кредит берүүнүн заманбап жаңы ыкмасын ишке киргизди

07.03.2023

Урматтуу кардарлар! 

"Айыл Банк" ААКсы кредит берүүнүн заманбап жаңы ыкмасын ишке киргизди. 

"Онлайн кредит" учурда Банктын эмгек акы долбоорлорунун кардарлары үчүн жеткиликтүү.

Кредиттин максималдуу суммасы: 100 000 сомго чейин;

Кредиттин мөөнөтү: 2-24 айга чейин;

Валюта: сом;

Пайыздык чен: жылдык 25% (2023-жылдын 31-майына чейинки акциянын алкагында);

Натыйжалуу пайыздык чен: 28,11%.

"Онлайн-кредит" кантип алса болот?

1-кадам. “АБ24” тиркемесине кирип, “онлайн-билдирме” баскычын басасыз. 

2-кадам. “Онлайн-кредит” бөлүгүнө киресиз. 

3-кадам. Кредиттин түрүн жана валютаны тандайсыз.  

4-кадам. Керектүү сумманы жана мөөнөтүн көргөзүңүз. 

5-кадам. Баарын толтурган соң, “улантуу” баскычын басасыз.

6-кадам. Андан соң, Сиз киргизген маалыматты жана 2 офертаны окуп чыгыңыз.

7-баскыч. Белги коюп, “улантуу” баскычын басасыз.

8-баскыч. СМС билдирүү аркылуу код келет, аны ырастаңыз. Арыз кабыл алынды.    

9-баскыч. Билдирменин макамын көрүү үчүн "каттоо" боюнча "тарыхка" өтүү керек. Сиз толтурган арыз кароодо турганын көрөсүз.  

10-баскыч: Сиз төмөнкүдөй СМС-жооп аласыз:

  • «Урматтуу кардар, Сиздин онлайн арызыңыз канааттандырылды жана кредиттик каражаттар картыңызга/эсебиңизге чегерилди;
  • «Урматтуу кардар, Сиздин арызыңыз четке кагылды. Кененирээк маалымат алуу үчүн Банктын жакынкы филиалынын кредит боюнча адисине кайрылыңыз»;

“AБ24” аркылуу өтүнмөнүн макамы да “канааттандырылды” же “четке кагылды” деп өзгөрөт".

Улуттук банктын №048 лицензиясы

← Тизме боюнча артка