«Айыл Банк» ААКсы VIP-борбордун премиум кеңсесин ачты

02.03.2023

1-мартта «Айыл Банк» ААКсынын VIP-борборунун кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Жаңы филиал премиум банкингдин бардык заманбап стандарттарына жооп берет. Бул кардарга жеке көңүл бурууну жана ыңгайлуу тейлөөнү камсыз кылат.

Банктын кардарлары жана өнөктөштөрү бул жерде жеке банк ишинин мыкты салттарында өздөрүнүн финансылык потенциалын толук ишке ашыра алышат. Ошентип, кардарлар каржы маселелерин, ошондой эле бизнес милдеттерин чечүүгө багытталган банктык кызматтардын бардык спектрин пайдалана алышат. Алардын арасында элиталык төлөм карттары, атайын кредиттик жана депозиттик программалар, инвестициялык кызматтар жана башка керектүү финансылык продуктылар бар. Банктын жеке менеджерлери финансылык жана инвестициялык башкаруу чөйрөсүндө эң эффективдүү чечимдерди тандап ала алышат.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Айыл Банк» ААКсынын Башкармасынын Төрагасы Тилек Алимджанов куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Анын айтымында, Банктын негизги милдеттеринин бири сапаттуу тейлөө болуп саналат жана бул VIP борборду ачууга негиз болгон.

«Бүгүн «Айыл Банк» ААКсы жаңы филиалынын - VIP-борбордун эшигин ачат. Убакыт биздин эң баалуу ресурсубуз, ошондуктан биз көйгөйлөрдү тез арада чечүү, жогорку сапаттагы тейлөө жана ар бир кардарга жекече мамиле кылуу менен банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтө турган премиум-офис ачууну чечтик. Биз Банкыбызга болгон ишенимди сактоого жана жогорулатууга кызыкдарбыз, ошондуктан биз көйгөйлөрдү толук конфиденциалдуулукта, ыңгайлуулукта жана коопсуздукта чечүү үчүн мыкты кызмат көрсөтүүгө даярбыз. Бардык финансылык көрсөткүчтөр боюнча №1 Банк болуу менен биз кардарларыбыздын күтүүлөрүн актоого даярбыз жана сунуштарга ачыкпыз. Жаңы филиал эң талаптуу кардарлардын да үмүтүн актап, маанилүү каржылык маселелерди чечүүгө ылайыктуу жайга айланат деп ишенем», - деди Банк Башкармасынын Төрагасы.

«Айыл Банк» ААКсынан VIP-банкинг – бул купуялуулук, жеке мамиле жана ыңгайлуулук!

Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Аппаратынын жана мамлекеттик органдардын, Улуттук банктын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, ошондой эле Банктын өнөктөштөрү жана кардарлары чакырылган.

  

 «Айыл Банк» ААКсынын жаңы кеңсеси Бишкек шаары, Жумабек көч., 105/1 дарегинде жайгашкан жана кардарлар үчүн Дүйшөмбүдөн Жумага чейин саат 8:30дан 17:30га чейин ачык. Тыныгуу: 12:00-13:00. Дем алыш күндөр: Ишемби жана Жекшемби.

          Маалымат үчүн:

«Айыл Банк» ААКсы – өлкөдөгү агрардык секторду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыруучу, ошондой эле жеке жана корпоративдик кардарларды тейлөөнү, инвестициялык банкингди, сооданы камтыган жогорку сапаттагы банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтүүчү өлкөдөгү ири финансылык институттардын бири болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Банк финансылык көрсөткүчтөрү боюнча биринчи орунду ээлейт, анын ичинде:

§ Активдери – 81,1 млрд сом

§ Таза кирешеси – 4,24 млрд сом

§ Капиталы – 11,14 млрд сом

«Айыл Банк» ААКсынын республика боюнча филиалдык тармактары иштейт. Бүгүнкү күндө алардын саны 38. Мындан тышкар, Банктын 27 аймактык өкүлчүлүгү, 35 мобилдик жана 63 сактык кассалары, ошондой эле 10 чакан кеңселери бар. Жалпы саны 173 пунктту түзөт.

← Тизме боюнча артка