«Айыл Банк» ААКсынын жетекчилиги Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча аймактык башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушушту

15.02.2023

Бүгүн, 15-февралда «Айыл Банк» ААКсынын Башкармасынын Төрагасы Тилек Алимджанов менен Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча аймактык Башкармалыгынын өкүлдөрүнүн эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында инновациялык каржылоо механизмдерин ишке ашырууну талкуулашты.

АӨБ өкүлдөрү белгилегендей, учурда каржы институту инновациялык каржылоо механизмдерин киргизүү жана туруктуу каржылоо программасы аркылуу "жашыл" экономиканы калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзүү боюнча суверендүү институттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган 2 негизги техникалык жардам программасын ишке ашырууда.

Өз кезегинде Банк жетекчилиги эл аралык институт менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

← Тизме боюнча артка