Бүгүн, 10-февралда “Хаят” отелинде «Айыл Банк» ААКсынын филиалдарынын башчыларынын катышуусунда Башкармалыктын кеңейтилген жыйыны өттү

10.02.2023

Бүгүн, 10-февралда “Хаят” отелинде «Айыл Банк» ААКсынын филиалдарынын башчыларынын катышуусунда Башкармалыктын кеңейтилген жыйыны өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Банк Башкармасынын Төрагасы Тилек Алимджанов куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ал Банктын 2022-жылдагы жетишкендиктерине токтолду.

Т.Алимджановдун айтымында, бүгүнкү күндө «Айыл Банк» ААКсы Кыргызстандагы алдыңкы банктардын бири. Банк өткөн жылдын соңунда төмөнкү көрсөткүчтөр боюнча алдыңкы орунду ээледи:

  •  активдери боюнча биринчи орунду – 81,13 млрд. сом;
  •  таза кирешеси боюнча биринчи орунду – 4,24 млрд. сом.

Кошумчалай кетсек, “Айыл Банк” ААКсы уставдык капиталы боюнча (6,62 миллиард сом) өлкөнүн негизги банктарынын катарына кирет.

Башкармалыктын Төрагасы ошондой эле, 2023-жылга карата алдыда ири пландар жана милдеттер турганын белгилеп, жыйындын катышуучуларына ийгилик каалады.

← Тизме боюнча артка