“Айыл Банктын” жетекчилиги Банктын волейболчулар командасын куттуктады

08.02.2023

“Айыл Банк” ААКсы Башкармасынын Төрагасы Тилек Алимджанов, Банк Башкармасынын мүчөлөрү жана жалпы жамаат Банктын волейболчулар командасын куттуктады.   

“Айыл Банк” негизги финансылык көрсөткүчтөр боюнча гана эмес, спорт жаатында да алдыңкы орунду камсыз кылды. Бул биздин Банктын ийгилиги жана чоң жетишкендиги. Банк намысын коргогон команданын ар бир оюнчусуна алкыш!”,- деди Т.Алимджанов.

Ал ошондой эле, Банк жумушун да аксатпай, спортко да үлгүрүп жаткан жаштарга шыктандыруучу сыйлык – сый акы бөлүүнү убадалады.     

Белгилей кетсек, “Кыргызстан банктарынын бирикмеси” Кыргызстандагы ири банктар арасында өткөргөн волейбол боюнча турнирде “Айыл Банктын” оюнчулары биринчиликти багындырышкан.

 

 

← Тизме боюнча артка