«Айыл Банк» чет өлкө валютасын, анын ичинде АКШ долларын жана еврону сатып алуу жана сатуу боюнча толук кызматтарды көрсөтөт

03.02.2023

Урматтуу кардарлар!

«Айыл Банк» ААКсы 26 жылдан ашык убакыттан бери заманбап технологияларга негизделген жогорку сапаттагы банк продуктыларынын кеңири спектрин сунуштап, ийгиликтүү иштеп келе жатат.

Учурда банк чет элдик валюталарды, анын ичинде АКШ доллары менен еврону сатып алуу жана сатуу боюнча толук кандуу кызматтарды көрсөтүүдө.

Мында бардык алмашуу операциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Эгерде, алмашуу операциялары ири суммаларды камтыса, анда кардар чет өлкө валютасын алмаштыруу үчүн Банктын каалаган филиалына арыз калтырышы керек. Анткени, ал суммалар Казыналык менен макулдашуудан соң берилет.

Банк өз кардарлары үчүн банктык операциялардын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун кепилдеп, кызмат көрсөтүүнүн алдыңкы ыкмаларын жана технологияларын дайыма өркүндөтүп, ишке киргизип тураарын белгилейт.   
 

«Айыл Банк» ААКсы Кыргызстандын ар бир жаранынын кызыкчылыгы үчүн иштейт!

← Тизме боюнча артка