Бүгүн, 2-февралда Android жана IOS тибиндеги каражаттар үчүн “AБ24” мобилдик тиркемесин жаңылоо пландалууда

02.02.2023

Урматтуу кардарлар!

Бүгүн, 2-февралда Android жана IOS тибиндеги каражаттар үчүн “AБ24” мобилдик тиркемесин жаңылоо пландалууда.

Жаңылоо тиркеменин ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн зарыл.

Мобилдик банкингдин жаңы версиясы менен “Айыл Банктын” кардарлары мобилдик банкингдин жогорку функционалдуулугунан, ошондой эле онлайн-банкинг кызматтарынын кеңири спектринен пайдалана алышат.

Play Market/App Store’дон тиркемени кантип жаңыртса болот?

1-кадам. "AБ24" тиркемесин издегенде, тиркемени жаңыртуу жөнүндө билдирүү пайда болот. Сиз "Жаңылоо" баскычын басыңыз.

2-кадам. Андан соң, автоматтык түрдө Play Market/App Store дүкөнүнөн "AБ24’түн" акыркы версиясы жаңыланат.

«Айыл Банк» ААКсынын мобилдик банкинги аркылуу кардарлар үйдөн чыкпай эле, 500дөн ашык кызматтарга төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Анын ичинде: 
•    Акча которуулар; 
•    Коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөр;
•    Депозиттик эсептерди толуктоо;
•    Насыя алуу үчүн кайрылуу; 
•    Клирингдик жана жапырт төлөмдөр; 
•    QR-коду аркылуу төлөө;
•    Аралыктан идентификациялоо ж.б.
 

«АБ24» - ыңгайлуу, ыкчам жана коопсуз!

← Тизме боюнча артка