“Айыл Банктан” Mastercard картын ачып, сатып алууларды жүргүзүп, баалуу байгелерди утуп ал!” акциясынын II этабы башталды!

23.01.2023

Урматтуу кардарлар!

2023-жылдын 23-январынан 22-февралына чейин «Айыл Банк» ААКсы жана Mastercard эл аралык төлөм системасы «Айыл Банктан» Mastercard картын ачып, сатып алууларды жүргүзүп,  баалуу сыйлыктарды утуп ал!» эко-акциясынын экинчи этабын өткөрүүдө.

Сынакка катышуу үчүн болгону 2 шартты аткаруу керек:
1. «Айыл Банктын» Mastercard картынын ээси болуу;
2. Көрсөтүлгөн мөөнөттө POS-терминалдар же Интернет аркылуу сатып алууларга жана кызматтарга төлөм жүргүзүү.

Картында эң көп транзакцияларды жүргүзгөн катышуучу жеңүүчү деп табылат. 

Жеңүүчүлөр төмөнкү сыйлыктарга ээ болушат:
1-орун - электр скутер,
2-  жана 3-орундар - электр велосипед.

Акциянын I этабы 2022-жылдын 23-декабрынан 2023-жылдын 22-январына чейин өттү. Жеңүүчүлөр жакынкы күндөрү белгилүү болот.

Сынактын жобосу боюнча төмөндөгүлөр эске алынбайт:
• 2023-жылдын 22-февралында саат 23:59дан кийин жасалган транзакциялар.

• бир сааттын ичинде бир соода түйүнүндө жасалган эки транзакция бир транзакция катары эсептелет;

• сатып алынып, кайра кайтарылган товар төлөмдөрү.

Кардардын карты акциянын учурунда жана байге берилгенге чейин активдүү болушу керек.

Акциянын башкы байгесине (электр скутер) Mastercard эл аралык төлөм системасынын төлөм карттары бар, Кыргыз Республикасынын 16 жашка толгон жарандары, уюштуруучу тарабынан чыгарылган жана Mastercard Standard, Mastercard Gold карттарын колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзгөн бардык жеке адамдар талапкер боло алышат.

Акциянын I этабынын жеңүүчүлөрү II этабына кайра кире алышпайт.

Акциянын шарттары тууралуу кененирээк маалыматты бул документтен табууга болот (шилтемени басыңыз).

← Тизме боюнча артка