«Айыл Банктан» Mastercard ачып, сатып алууларды жүргүзүңүз жана баалуу сыйлыктарды утуп алыңыз!

23.12.2022

Урматтуу кардарлар!

“Айыл Банк” ААКсы жана Mastercard эл аралык төлөм системасы 2022-жылдын 23-декабрынан тарта эко-акция баштады. 

Эко-акцияга катышуу үчүн сиз:

1. «Айыл Банктын» Mastercard картынын ээси болуңуз;

2. Товарларды сатып алууда жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө үчүн төлөмдөрдү POS-терминалдар аркылуу же, Интернет аркылуу көрсөтүлгөн мөөнөттө жүргүзүңүз.

Шарт боюнча сынак 2 этапта өтөт.

  • I этап 2022-жылдын 23-декабрынан 2023-жылдын 22-январына чейин;. 
  • II этап 2023-жылдын 23-январынан 22-февралына чейин.

Карт аркылуу эң көп транзакцияларды жүргүзгөн катышуучу жеңүүчү деп табылат. 

Жеңүүчүлөргө төмөнкү сыйлыктар:

1-орунга - электр скутер

2-3-орундарга - электр велосипед.

Сынактын жобосу боюнча төмөндөгүлөр эске алынбайт:

• 2022-жылдын 23-декабрында саат 00:00гө чейин жана 2023-жылдын 22-февралында саат 23:59дан кийин жүргүзүлгөн операциялар;

• бир сааттын ичинде бир соода түйүнүндө жасалган эки транзакция бир транзакция катары эсептелет;

• сатып алынып, кайра кайтарылган товар төлөмдөрү.

Кардардын карты акциянын мезгилинде жана байге берилгенге чейин активдүү болушу шарт.

Акциянын башкы байгесине (электр скутер) Mastercard эл аралык төлөм системасынын төлөм карттары бар, Кыргыз Республикасынын 16 жашка толгон жарандары, уюштуруучу тарабынан чыгарылган жана Mastercard Standard, Mastercard Gold карттарын колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзгөн бардык жеке адамдар талапкер боло алышат.

Жеңүүчүлөр акциянын башка этаптарына катыша алышпайт.

Акциянын шарттары тууралуу кененирээк маалымат бул жерде (шилтемени басыңыз).

← Тизме боюнча артка