“Айыл Банк” пайызсыз насыя берүүнү улантууда

16.12.2022

Кыргызстандагы 11 банк, анын ичинде «Айыл Банк» ишкерлерге 3 жылдык мөөнөткө  пайызсыз насыя берүүдө. 

Кечээ, Финансы министрлигинен өлкөдөгү бардык абоненттерге SMS билдирүү таратылган. Анда ишкерлер Кыргызстандагы 11 коммерциялык банктардан пайызсыз насыя алса болору маалымдалган.

Мындан улам, пайызсыз насыя алуу шарттары тууралуу сурап, Банкка кайрылгандар көп болду. 

Насыя "кичи, чакан жана орто ишканаларга тез арада көрсөтүлө турган жардам" долбоорунун алкагында ишке ашат. 

Шарттары:

  • насыя үстөк пайызсыз, сом менен берилет;
  • акчаны мыйзам чегинде (көмүскө эмес) иш алып барган, салык, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жоктор ала алат;
  • насыянын мөөнөтү 36 айга чейин;
  • каражатты ишмердүүлүгүн баштаган 6 айдан кем эмес убакытты тастыктаган ишкерлер гана ала алат; 
  • айыл чарба тармагына берилбейт;
  • жылдык акча жүгүртүүсү 8 млн. сомго жеткен ишкерлер 1 млн. сомго чейин ала алышат;
  • жылдык акча жүгүртүүсү 30 млн. сомго жеткен ишкерлер жана юридикалык жактар 3 млн. сомго чейин ала алышат;
  • 250 миң сомго чейин күрөөсүз, 250 миң сомдон ашса, насыя кыймылсыз мүлк менен камсыздалат.

“Айыл Банк” Сизге жакын!

← Тизме боюнча артка