«Айыл Банк» ислам каржылоо принциптери боюнча банк операцияларын жүргүзүү укугуна ээ болду

02.11.2022

Урматтуу кардарлар!

«Айыл Банк» ААКсы  Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 26-октябрындагы чечими менен  ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, “ислам терезеси” алкагында улуттук жана/же чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензияга ээ болгондугун кубануу менен Сиздерге маалымдайбыз!

Учурда “ислам терезесин” иш жүзүндө колдонууга киргизүү жагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, алгачкы кардарларды кабыл алып, талаптагыдай тейлөөгө алууга кызуу даярдык көрүлүүдө.

Ислам банкингинде иштөө тартиби дин эрежелерине ылайыкташтырып, макулдашылгандыгы  жөнгө салынып жаткан жаңы  иш багытынын өзгөчөлүгү экендигин баса белгилеп кетүү зарыл. Демек, сүткорлукка жол бербөө, мында негизги максат.

Сунушталып жаткан жаңы финансылык ыңгайлуулуктан пайдаланууга кызыккандар керектөө максаттарына, бизнести өнүктүрүүгө, курулуш ишине, айыл чарбасын өнүктүрүүгө, унаа каражатын, техниканын башка түрлөрүн, атайы багытка каралган техникаларды ислам каржылоо принциптери боюнча кредитке алып, орун алган көйгөйүн чечип алуу мүмкүнчүлүгө ээ болот.

Бүгүнкү күндө Европанын, АКШнын, Түштүк-Чыгыш Азиянын, араб өлкөлөрүнүн көпчүлүк банктарында мына ушул ислам каржылоо стандарттары боюнча иш алып баруу шарттары жөнгө салынып, ийгиликтүү иштеп жаткандыгын кошумчалап кетүүгө тийишпиз.

Жаңы мүмкүнчүлүк, жаңы демилге Сиздер үчүн!

← Тизме боюнча артка