“Айыл Банк” ААКсынын эмгек жамааты кан тапшыруу акциясына катышты

15.09.2022

«Айыл Банк» ААКсынын Башкы кеңсесинин жамааты донордук кандын запасын толуктоо максатында ыктыярдуу акцияга катышты. Бул иш чара Республикалык кан борбору менен биргеликте уюштурулду.

Акцияга Башкы кеңсенин кызматкерлеринен тышкары банктын Бишкек жана Аламүдүн филиалдарынын кызматкерлери да катышты. Ден соолугуна байланыштуу 80ден ашык калоочулардын ичинен 54 кишиге гана кан берүүгө уруксат берилди.

Тажрыйбалуу донорлор да, биринчи ирет кан тапшыргандар да келишти. Процедуранын алдында бардык каалоочулар медициналык текшерүүдөн өтүштү. Потенциалдуу донорлордун ден соолук абалын РКБнын бригадасынын дарыгерлери тарабынан текшерилди.

← Тизме боюнча артка