«Айыл Банк» ААКсы «Газпромбанк» АКсы менен кызматташат

03.08.2022

2022-жылдын 29-июнунда "Айыл Банк" ААКсы менен «Газпромбанк» АКсы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар системасында контракттарды банктык колдоо» мамлекеттик долбоорунун алкагында кызматташуу келишимине кол коюшту.

Кол коюу аземине "Айыл Банк" ААКсынын Башкармасынын төрагасынын орун басары Акылбек Байысов жана «Газпромбанк» АКнын аткаруучу вице-президенти Олег Мельников катышты.

Келишимдерге ылайык, “Газпромбанк” өнөктөштөрүнө банктык келишимди колдоо продуктунун бизнес-концепциясын жана уникалдуу санариптик кызматтарды өткөрүп, технологиялык жана консалтингдик колдоо көрсөтөт.

Иш-чарада Акылбек Байысов Кыргызстан үчүн маанилүү мындай долбоорго катышуу "Айыл Банк" үчүн өтө маанилүү экенин белгилеп, Банк тарабынан зарыл керектүү иш-чаралардын бардыгы жасала турганын айтты. Ал долбоорго ийгилик каалап, алдыда тыгыз кызматташуу жана натыйжалуу иш-аракеттер болоруна ишенерин билдирди.

Эскерте кетсек, кол коюу аземи Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Газпромбанк тарабынан уюштурулду.

← Тизме боюнча артка