«Айыл Банк» ААКсы Баткен облусун өнүктүрүү үчүн 0 пайыздан 3 пайызга чейинки кредиттерди берип жатат

20.07.2022

«Айыл Банк» ААКсы “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо” долбоору боюнча 2022-жылдын 20-июлуна карата 12 370 миң сомго 18 кредит берди.

Кредитти Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарында иш алып барган жеке адамдар, чакан жана орто бизнестин субъекттери ала алышат.

Багыты: айыл чарбаны өнүктүрүү, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү, өнөр жай, туризм, транспорт, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканалар, соода-логистикалык борборлор жана жашылча сактоочу жайлары, инновациялык иш (жаңы ишканаларды же иштин жаңы багыттарын түзүү), коргоочу медициналык каражаттарды жана жеке коргонуу каражаттарын өндүрүү, соода, кызмат көрсөтүү, билим берүү, маалыматтык технологиялар тармагында иш алып баргандар ала алат.

*Кредиттер 10 000 000 сомго чейин берилүүдө.

*36 айга чейин пайыздык чен - жылдык 0 % ,

*60 айга чейин–алгачкы 36 ай үчүн пайыздык чен жылдык- 0%, андан кийинки 24 ай -жылдык 3 % менен берилүүдө.

*Натыйжалуу пайыздык чен үч жылга чейинки кредиттин мөөнөтү үчүн 0%ды түзөт. Беш жылдык кредиттер үчүн биринчи үч жылга - 0%, акыркы эки жылга - 3,04%ды түзөт.

*300 000 сомго чейинки кредиттер күрөөсүз берилсе, андан жогору - күрөө талап кылынат.

Урматтуу Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштардын жашоочулары, кошумча суроолор боюнча маалыматты Банктын Баткен, Кадамжай жана Раззаков шаарларынын аймактык филиалдарынан алсаңыздар болот.

Ошондой эле, төмөндөгү телефондорго кайрыла аласыздар:  0(312) 68 00 00, 0(556) 68 00 00, 0(222) 68 00 00, 0(707) 68 00 00.

← Тизме боюнча артка