“АЙЫЛ БАНК” АЧЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ЭМГЕК ЖАМААТЫНЫН КАЙРЫЛУУСУ

24.06.2022

Урматтуу Садыр Нургожоевич,

Эң оболу, таасирдүү финансы-кредиттик институт – “Айыл Банк” ААКсынын бүтүндөй эмгек жамаатынын атынан кайрылып, учурда ар кандай кайчы пикирди жаратып,  түйшөлткөн  оор маселени ачык айтып, мүдөөсүн билдирүүгө мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн Сизге ыраазычылык билдиребиз.

"Айыл Банктын" эмгек жамааты Банк Башкармасынын Төрагасынын мурдагы орун басары Асанбаев Бакыт Рысбековичтин сырдуу өлүмгө дуушар болуу жагдайын ачык-айкын, кылдат териштирип берүү өтүнүчү менен Сизге кайрылууну туура көрүүдө...

Асанбаев Бакыт Рысбекович жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин алгачкы эмгек жолун дал ушул жерден баштап,  алган терең билимин иш жүзүндө айкын тастыктап, ишке болгон өзгөчө мамилеси, талыкпаган эмгеги аркасында олуттуу тажрыйбага ээ болуп, төраганын орун басары кызматына чейин жеткен.

Банктын өлкө аймагы боюнча көптөгөн  филиалдарында иштеп, иш багытын жөнгө салып,  ишине жан-дилден берилген чыныгы кесипкөй, жогорку адамкерчилик сапаты, жөнөкөйлүгү, принципиалдуулугу менен айрымаланган Бакыт Рысбекович 20 жылдан ашуун эмгек жолун "Айыл Банкка" арнап, эмгек жамаатында гана эмес, өнөктөштөр, кардарлар арасында да чыныгы кесипкөй адис, мыкты жетекчи катары эсте калды.

"Айыл Банктын" иши үчүн күйүп-бышып, ачуу чындыкты беттеген Бакыт Рысбекович менен 20 жылдан ашуун убакыт эриш-аркак иштеп келген биз үчүн анын өзүнө кол салып, жанын кыйышы табышмак бойдон калууда. Анткени, буга түрткү берген эч кандай жагдай, себеп  да жок эле. Өзүнүн актыгына, ишинин тактыгына ишенип, маселенин оң жагына чечилишин күткөн, балдарын жанындай көрүп, жашоону сүйгөн Бакыт Рысбекович мындай ишке эч качан бармак эмес.

Өлкө коопсуздугуна, коомго коркунуч келтирген кылмышкер катары кармап, эки ай бою ага коопсуздук шарттарынын камсыз кылынбашы жана  акырында келип таасирдүү мекеменин ичинде мындай сырдуу өлүмгө дуушар болушу албетте, кыйла суроону жаратат.

Бакыт Рысбековичтин өлүмү чейрек кылымдан ашуун убакыттан бери өлкөнүн социалдык жана мамлекеттик программаларын ишке ашырып келген системалуу банктын кадыр-баркына, эмгек жамаатынын моралдык духуна доо кетирүүдө.

Ошондуктан, Бакыт Рысбековичтин капилеттен өлүмгө дуушар болушу жагдайын адилет териштирип,  ата-эненин сыймыктуу уулу, төрт баланын камкор атасы, мыкты банкир катары анын ысмын каралоодон сактап, опол тоодой тиреги болгон  уулунан  ажырап, кан жутуп калган кары ата-энесинин, жетим калган  төрт баласынын, жыйырма жылдан ашуун убакыт эриш-аркак иштеп сүймөнчүлүгүнө ээ болгон эмгек жамаатынын өтүнүчүн көз жаздымда калтырбай, бул маселени адилет караштырып берет деген  ишеничтебиз. 

Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жалпыга маалымдоо каражаттарына берген билдирүүлөрүндө Бакыт Рысбекович коррупциялык схемаларга катышы бар катары белгиленген. Тергөө иши акырына чыгарылбай,  анын буга катышы барбы же жокпу толук териштирилип, сот өкүмү чыга электе мындай маалыматтын таркатылышы  эл арасында  ар кандай пикирди жаратып, мамлекеттик банктын аброюна да кесепетин тийгизүүдө. Албетте, бул бүтүндөй банк системасына жана "Айыл Банктын" бирден бир акционери болгон мамлекеттин өзүнө да калайык-калктын ишениминин солгундашына түрткү болушу ыктымал.

Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, адам укугу жана анын эркиндигинин гаранты катары кесиптешибиздин өлүмүнө байланыштуу жагдайдын акыйкат териштирилип, ачуу чындыктын айкын тастыкталышын камсыз кылууну Сизден көптөн көп өтүнөбүз. Көзү өтсө да жакшы адам - Бакыт Рысбековичтин ысымы караланбай, акыйкат жеңип, карыган ата-энеси ак эмгекти туу туткан уулу, ал эми балдары атасы менен сыймыктанып, жашап өткөндөй болсун деген тилекти айтуу менен бирге эле:

- “Айыл Банкка” тиешелүү ишти банк кызматкерлерине кысым көрсөтүүсүз, мыйзам чегинде, адилет териштирилишин камсыз кылууну;

- укук коргоо органдарынын банк ишине негизсиз кийлигишүүсүнө, б.а. биздин же жабыр тарткан тараптын расмий кайрылуусуз кийлигишүүсүнө  жол бербөөнү өтүнөбүз, анткени бул иш туруктуулугуна кесепетин тийгизбей койбойт;

- Банк кызматкерлери да жарандык коомдун мүчөсү экендигин, алар өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирбегендигин  эске алып,  камакка алуу сыяктуу чараларды колдонууда этияттыктын сакталышын;

- кылмыш иши боюнча такталган гана маалыматтын жарыяланышын  камсыз кылууну караштырып беришиңизди өтүнөбүз. Себеби жалпыга маалымдоо каражаттарында бурмаланган маалыматтардын жарыяланышы Банктын аброюна шек келтирүүдө.

"Айыл Банктын" эмгек жамаатынын бул кайрылуусу кылдат териштирип,  маселенин бейтарап, адилеттүү чечилишине өбөлгө түзөт деген терең ишеничтебиз.

 

 

← Тизме боюнча артка