“Айыл Банк” алыскы аймактагы элге жакын

15.06.2022

Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Актурпак айыл өкмөтүнүн Келечек айылында «Айыл Банк» ААКсынын сактык кассасы ачылды.

Сактык кассаны салтанаттуу ачуу аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ак сакалдар, тургундар жана башка банктардын жетекчилери катышты. Бул «Айыл Банктын» Кадамжай районундагы 3-тейлөө жайы болмокчу.

 Аталган сактык кассанын ачылышы алыскы аймактардагы калкты тейлөө максатын көздөгөн. Бул тууралуу «Айыл Банк» ААКсынын Кадамжай районунун филиалынын башчысы Руслан Кыргызбаев билдирди: «Баткен облусу чек арага жакын жайгашып, алыскы аймак богондуктан, өзгөчө деген макам берилип, мамлекет тарабынан колдоого алуу саясаты жүрүп жатат. «Айыл Банк» ААКсы дагы бул саясатты колдоп, алыскы аймактагы калкка жакын болуп, алардын муктаждыгын чечүүгө аракет жасоодо. Буюрса, алдыбызда чоң максаттарыбыз бар. Чындап эле, бул айыл өкмөттө эл мындай бөлүмгө муктаж болчу. Себеби, пенсия, пособиелерлердин бардыгын биздин банк аркылуу алышат. Акча которуулар болот жана башка кызматтар бар», -деп билдирди. Аталган айыл өкмөттө 26 000 калк жашайт жана Кадамжай шаарынан 51 чакырым алыстыкта жайгашкан.

← Тизме боюнча артка