Айыл Банк» ААКсы Лизинг-Евразия» Башкы Ассамблеясынын алкагында бизнес миссиясына катышты

13.06.2022

2022-жылдын 8-11-июнунда Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын колдоосу менен «Лизинг-Евразия» Эл аралык ассамблеясынын ишмердүүлүгүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун өнүктүрүүнүн алкагында РФнын Соода-өнөр жай жана инвестициялык саясат боюнча Кеңеши, РФтин Соода-өнөр жай палатасынын лизинг боюнча кичи комитети, "Лизингдик союз" уюму тарабынан Лизингди өнүктүрүү боюнча бизнес-миссиясы өттү.

Аталган бизнес-миссияга Россия,  Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь жана Армениянын расмий, каржылык уюмдарынын жана компанияларынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен болду. Бул "Лизинг-Евразия" Эл аралык ассамблеясынын ишинин бир бөлүгү болуп саналат.

Бизнес- миссияга «Айыл Банк» ААКсынын жетекчилиги жана өкүлдөрү да катышып, банктын лизингдик ишмердүүлүгү боюнча презентация жасашты. Иш-чарада бир катар жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр болуп, анда өз ара кызматташуунун ар кандай маселелери, анын ичинде тажрыйба алмашуу, ошондой эле биргелешкен лизингдик компания түзүү мүмкүнчүлүгүн кароо талкууланды. Форумдун алкагында Кыргызстанда лизингчилердин ассоциациясын түзүү боюнча Меморандумга кол коюлду.

Иш-чарада «Айыл Банк» ААКсынын төрагасы Улан Букабаев “Айыл Банк” артыкчылыктуу мамлекеттик программалардын системалык оператору катары Евразия экономикалык биримдигинде бирдиктүү лизинг рыногун куруунун практикасын киргизүүгө салым кошо аларын белгиледи. “Дегеле, лизинг Кыргызстандагы жаңы тармак. Бирок анын кыска өмүрү жана өнүгүү жолу “Айыл Банкка” түздөн-түз байланыштуу. Себеби, Банк Кыргыз Республикасында лизингдик операциялар боюнча лидер болуп келүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 7 миллиард сомдон ашык каражатка 4000ден ашык техника берилди”,-деп билдирди. Ал ошондой эле: “Чынында, убакыттын өтүшү менен Кыргызстанда лизинг барган сайын популярдуу каржылык инструментке айланууда. Айыл чарба тармагын модернизациялоо аркылуу кичи жана орто бизнести каржылоо акырындап көбөйүп, кыргыз дыйкандары жана башка тармак өкүлдөрү эт-сүт чарбасына, заманбап техникаларга кызыгып, бара-бара сандан сапатка өтө баштады. Ошондуктан, “Айыл Банк” жогорку продуктулуу мал багуучу фермерлерди колдоо үчүн уникалдуу лизиндик продуктуну иштеп чыккан. Макулдашуулардын аркасында фермерлер эт-сүт багытындагы асыл тукум малдарды лизинг шартында сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, муну менен өздөрүнүн көмөкчү чарбаларынын көрсөткүчтөрүн жакшыртышууда”,-деди.

← Тизме боюнча артка