“Айыл Банк”- мыкты айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүнүн катышуучусу

26.05.2022

Бүгүн, 2022-жылдын 26-майында “Айыл Банк” ААКсы “Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аттуу Биринчи Евразиялык экономикалык форумуна катышып, сертификатка ээ болду.

Сертификат тапшыруу аземи ЕАЭБдин мыкты айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсүндө болуп, “Айыл Банк” ААКсы анда өздөрүнүн иши тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Ошондой эле, бул иш-чарада Банк тарабынан ар түрдүү компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бир катар өнөктөштөр менен алдыда боло турган иштер боюнча талкуулашты.

Маалымат үчүн айта кетсек, Банк Кыргыз Республикасында лизинг операциясы боюнча эң алдыңкы орунда турат жана 2011-жылдан бери бул багытта жигердүү иштеп келет. «Айыл Банк” тарабынан бүгүнкү күнгө чейин 7, 119 млн. сомго 4294 техника берди.

← Тизме боюнча артка