«Айыл Банк» ААКсынын өкүлдөрү германиялык Class машина куруу компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

19.05.2022

Кечээ күнү, 2022-жылдын 18-майында «Айыл Банк» ААКсы Башкармасынын төрагасынын орун басары Акылбек Байысов баш болгон өкүлдөр германиялык Class  машина куруу компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Class  концернинин өнүктүрүү боюнча эксперттер Бернд Хенн жана Доктор Бернхард Нёрр мырзалар катышты. Алар "Айыл Банк" ААКсынын кызматкерлери менен болгон буга чейинки сүйлөшүүлөр кызматташууга шарт түзгөнүн айтып, бул банк Кыргызстандагы мамлекеттик банк болгону да алар үчүн маанилүү экенин билдиришти.

Меймандар айыл чарба техникаларын сатууну гана максат кылбастан, каржылоо, элеттик дыйкандардын чарбасынын кайсы жагын өнүктүрүү керектиги, кандай техника тандоо зарылдыгы боюнча да кеп-кеңешин берип, фермерлерди өздөрүнүн техникаларын колдонуу үчүн окутууларды да акысыз жүргүзө турганын айтышты. 

"Айыл Банк" ААКсынын өкүлдөрү учурда дыйкандарды колдоо боюнча мамлекеттик деңгээлде иштер жүрүп жатканын белгилешип, кызматташууга кызыкдар экенин айтышты.

 Тараптар алдыда бул маселени дагы талкуулоо ниети менен тарашты.

Маалымат үчүн айта кетсек, Class  компаниясы -айыл чарба техникасын чыгаруучу ири компания. Штаб-квартирасы Харсевинкел шаарында (Түндүк Рейн-Вестфалия) жайгашкан. Анын Европада, Азияда жана Америкада 13 фабрикасы бар жана аларда 11 миңден ашуун адам иштейт. Class  продуктыларынын ассортименти дан жана чөп жыйноочу комбайндарды, тракторлорду, пресс-подборщиктерди, чөп чаап-жыйноочу машиналарды, теле-транспортторду камтыйт. 2021-жылы жүгүртүү €4,797 млрд, таза киреше €272,6 млн. болгон.

← Тизме боюнча артка