"Айыл Банк" ААКсы "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоору боюнча 2334 фермерге 1,2 млрд сом кредит берди

22.04.2022

Бүгүн "Кабар" агенттигинде  "Айыл чарбасын каржылоо-10" долбоору боюнча маалымат жыйын өткөрүлүп,  ага  “Айыл Банк” ААКсынын төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев, талдоо жана аймактык координациялоо бөлүмүнүн башчысы Нарынбек Токтогулов катышышты.

Маалымат жыйында Банк кызматкерлери аталган долбоор аркылуу дыйкандага берилген  кредиттер жөнүндө кенен маалымат беришип, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

"Учурда «Айыл Банк» ачык акционердик коому тарабынан фермерлерге өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, кайра иштетүү боюнча “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоору менен 6 пайыздык кредиттер берилип жатат. Бул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылынын 12-январындагы № 3-т тескемеси менен бекитилген.

«Айыл чарбасын каржылоо-10” долбоору менен «Айыл Банк» ААКсына  1,8 млрд. сом бөлүнгөн. Бул сумманын 50%ы мал чарбасына, 25%ы жер иштетүүгө, 25%ы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилиши керек",- деди Жанар Норузбаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 1 млрд 231 млн сомго 2 334 кредиттер берилди. Анын ичинен мал чарбачылыкка – 1 миң 309 фермерге 754 млн сом, өсүмдүк өстүрүүчүлүккө – 393 млн сомго 884 насыя, кайра иштетүү тармагына 41 чарбага 82 млн сом берилди.

← Тизме боюнча артка