2022-жылдын I кварталынын жыйынтыгы

20.04.2022

«Айыл Банк» ААКсы 2022-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча негизги финансылык көрсөткүчтөр боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын арасында алдыңкы орунду ээледи.

Ошентип, 2022-жылдын 1-апрелине карата “Айыл Банктын” өздүк активдери 46,4 млрд сомду түзүп, банкты автоматтык түрдө 1-орунга алып келди.

27,1 млрд сомду түзгөн кредиттик портфелдин көлөмү (брутто) жана ошондой эле 29,3 млрд сомду түзгөн кардарлардын эсептери жана депозиттери боюнча «Айыл Банк» Кыргызстандын банктарынын ичинен 1-орунду ээледи.

Ошондой эле уставдык капитал 5,9 млрд сомду түздү.

Биз кардарларыбызды ишеними үчүн ыраазычылык билдиребиз жана баалайбыз!

← Тизме боюнча артка