“Айыл Банк” ААКсы менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фонду кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту

18.03.2022

Меморандумга Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун төрагасы Улукбек Кармышаков жана “Айыл Банк” ААКсынын Башкарма төрагасы Улан Букабаев кол коюшту.

Тараптар алдыда биргеликте иш алып барууну макулдашышып, кызматташтыкты  бекемдеп, бир катар багытта иш алып барууну көздөшүүдө. Бул меморандумдун негизги максаты өнөктөштүк мамилени чыңдап, эки тарапка тең пайдалуу узак мөөнөттөгү мамиле түзүү болуп саналат.

Улан Букабаев өз кезегинде алдыда бир катар жакшы долбоорлор бар экенин жана аны Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунун колдоосу менен ишке ашыруу мүмкүндүгү бар экенин белгиледи.

← Тизме боюнча артка