АЙЫЛ БАНК «АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО-10» ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА КРЕДИТ БЕРЕТ

15.02.2022

“Айыл чарбасын каржылоо-10” программасы боюнча акча каражаттарын сунуштоо ишин баштагандыгын жана Өкмөт тарабынан бул максатка быйылкы жылы 1,8 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөндүгүн кубануу менен маалымдайбыз. Ошондой эле мамлекеттик программанын алкагында жеңилдетилген шарттарда кредит алууну каалагандардын суроолорун топтоштуруп, аларга жоопторду жарыялоону туура көрдүк.

“АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КАРЖЫЛОО-10” ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА КӨП БЕРИЛҮҮЧҮ СУРООЛОР:

1. Айыл чарбасына жеңилдетилген кредитти кантип алса болот?

"Айыл Банктын" Сиздин чарбаңыз жайгашкан жердеги бөлүмүнө паспортуңуз менен келип, электрондук журналга катталуу талап кылынат. Андан ары төмөндө көрсөтүлгөн тизме боюнча тиешелүү документтерди чогултуп тапшырууга тийишсиз:

– күрөө документтеринин түп нускалары + мамлекеттик каттоо органынан маалым кат (кыймылсыз мүлктүн күрөөгө коюлбагандыгынын тастыктамасы);

– паспорттун көчүрмөсү;

– нике күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

– айыл чарба жерлерине документтер, ижара келишими (бар болсо);

– айыл аймагынан мал-жандыкты жандыктын бардыгын тастыктаган маалым кат;

– Банктын талабы боюнча башка документтер.

Банк Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен субсидиялоо келишимин түзгөндөн кийин каражаттарды берүү иши башталат. Кредиттик адистер кезегиңер келип жеткен учурда телефон аркылуу Сиздер менен байланышат.

2.Электрондук кезекке кантип катталууга болот?

Жогоруда белгиленг белгиленгендей эле паспорт менен банктын жакын жайгашкан аймактык бөлүмүнө келип, электрондук журналга катталууга тийишсиз.

3. Онлайн кезекке турсам болобу?

Тилекке каршы, мындай мүмкүнчүлүк жок.

4. Чарбасы жоктор жеңилдетилген кредит алса болобу?

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №3 буйругуна ылайык, бул боюнча төмөнкүдөй кошумча шарттар белгиленген:

2-глава. "Мал чарбасы" категориясынын чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн кошумча шарттар:

22. Бул категориядагы чарба жүргүзүүчү субъекттер айыл чарба жаныбарларын кармоо жана өстүрүү үчүн бардык зарыл шарттарга, анын ичинде кыш мезгилинде тоют сактоо үчүн шарттарга ээ болууга тийиш.

3-глава “Өсүмдүк өстүрүү” категориясынын чарба жүргүзүүчү субъекттери үчүн кошумча шарттар:

29. Бул долбоордун алкагында кредит алуу үчүн өсүмдүк өстүрүү менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттердин жеке менчиктеги же ижарага алган айыл чарба багытындагы жерлери жана мындай жердин бар экендигин күбөлөндүрүүчү документи (мамлекеттик акты, күбөлүк, убактылуу күбөлүк, ижара келишими, сатып алуу-сатуу келишими жана башка) болууга тийиш.

Демек, чарбасы жоктор жеңилдетилген кредит ала албайт.

5. Күрөөсүз канча суммада кредит алса болот?

Күрөөсүз 300 000 сомго чейин кредит алса болот.

6. “Айыл чарбасын каржылоо-10” программасынан максималдуу канча сумма алууга болот?

Мал чарбасы үчүн:

– асыл тукум чарбасы статусуна ээ асыл тукум малды сатып алуу, канаттууларды багуу, балык өстүрүү, балчылык, тоютту сатып алуу жана даярдоо, мал кыркуу пункттарын жана жугушсуздандыруучу ванналарды куруу, жабдуу, ошондой эле жасалма жол менен уруктандыруу үчүн жабдуу сатып алуу менен алектенген мал чарбасынын субъекттери үчүн 10,0 (он) миллион сомго чейин;

– ушул категорияга кирген башка иш багыттарында иш алыпбарган субъекттер 3,0 (үч) миллион сомго чейин.

Өсүмдүк өстүрүүгө:

– сугат суусун үнөмдөөчү технологияларды (тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу) колдонууга киргизүүгө ниеттенип жаткан субъекттер, күнөскана чарбасы, интенсивдүү багбанчылык, кошулмасыз накта продукция чыгаруу өндүрүшү менен алектенген субъекттер 10,0 (он) миллион сомго чейин;

- ушул категорияга кирген башка багыттарда иш алып барган субъекттер 3,0 (үч) миллион сомго чейин.

- айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштетүүчү ишканаларды жана импортту алмаштыруучу, экспортко багытталган продукцияларды чыгарган жеке ишкерлер 500,0 (беш жүз) миң сомдон 20,0 (жыйырма) миллион сомго чейин;

7. Мурда алынган кредити болгондор жеңилдетилген кредит ала алабы?

Айыл чарба азык-түлүгүн кайра иштеткен ишканалар, импортту алмаштыруучу, экспортко багытталган продукцияларды чыгарган жеке ишкерлер каржылоого алынышы мүмкүн. Ал эми өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасы менен алектенгендерге берилбейт.

8. Мамлекеттик кызматкерлер эмгек акысынын негизинде жеңилдетилген кредит ала алабы?

Жок.

9. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы үчүн пайыздык чен кандай?

Бардык багыттар боюнча жылдык 6.

10. Күрөө катары эмнелерди сунуштоого болот?

Кредит боюнча жылдык пайыздар минималдуу камсыздоо суммасынын кеминде 80ын түзгөн кыймылсыз мүлк жана анын 20дан ашпаган кыймылдуу мүлк менен камсыздалышы зарыл. Күрөө жетишсиз болуп калган шартта Кепилдик фондусунан кепилдик алуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

11. Кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюуга мүмкүнбү?

300 000 (үч жүз миң) сомдон жогору суммага милдеттүү түрдө кыймылсыз мүлк күрөөгө коюлууга тийиш жана күрөөлүк камсыздоо үлүшү кеминде 80, ал эми кыймылдуу мүлктүн үлүшү 20дан ашпоосу зарыл.

 

← Тизме боюнча артка