2022-жылдын 10-мартынан тартып Mastercard Россия Федерациясынын аймагында ишин токтотот

09.03.2022

Урматтуу кардарлар, 2022-жылдын 10-мартынан тартып Mastercard төлөм системасы Россия Федерациясынын аймагында ишин токтотот. Бул ушул күндөн тартып Кыргыз Республикасынын банктары тарабынан чыгарылган бардык Mastercard карталарын, анын ичинде «Айыл Банк» ААКсынын карталарын Россия Федерациясынын чекене соода түйүндөрүндө жана банкоматтарында тейлөө токтотулат дегенди билдирет.

Ошентип, жакында Россияда Кыргыз Республикасынын банктарынын карталары менен төмөнкү операциялар жеткиликсиз болот: банкоматтар аркылуу накталай акча алуу, соода түйүндөрүндө Pos-терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүү, россиялык интернет-дүкөндөрдөн онлайн сатып алуу.

«Айыл Банк» ААКсы тарабынан чыгарылган Mastercard карталары Кыргызстанда жана Россия Федерациясынан башка өлкөлөрдө кадимкидей иштей берет.

«Айыл Банк» ААКсы Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан кардарларга алдын ала жетиштүү суммадагы накталай акчаны алууну жана ири чыгымдар үчүн (мейманкана, билеттер ж.б.) алдын ала төлөөнү сунуштайт.

← Тизме боюнча артка