“Айыл Банк” ААКсы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдар боюнча төмөнкүлөрдү билдирет:

10.02.2022

Айыл Банк мамлекет 100% үлүшкө ээ болгон банк жана анын тапкан бүтүндөй пайдасы жыл сайын бюджетке которулуп турат. Мындан тышкары, 25 жылдык бай тажрыйбага ээ болуп,”тар жол-тайгак кечүүдөн” өтүп, туруктуу ишин бекемдөөгө жетишкен, система түзүүчү таасирдүү банк болуп саналат. Банк өз ишин ачык айкын жүргүзүү менен отчетторун мезгил-мезгили менен расмий сайтында жарыялап турат.

Ал эми, жогоруда белгиленген, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарга келсек, анда камтылган кредиттер 2017-жылы берилип, орун алган жагдай ошол учурга таандык болгондуктан, азыркы жетекчиликтин буга эч кандай тиешеси жоктугун баса белгилеп кетүүгө тийишпиз. Көйгөйлүү ошол кредиттерди берүүгө катышкан кызматкерлер да банкта иштебейт. Проблемалуу кредиттер боюнча туруктуу иштер азыр да улантылып, катуу көзөмөлдүккө алынган. Албетте, бул жагдай банктын ыргактуу ишине, чейрек кылым аралыгында топтоп, эл ишенимине ээ болгон аброюна кедергисин тийгизбей койгон жок.

Бирок, бардык тоскоолдуктарга карабай банк элет жеринин эртеңкисине кам көрүп, алар үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук топтомун сунуштап, алдыңкы банктардын катарында өз ишин ишенимдүү улантып келет. Учурда, бардык банк операциялары ишке ашырылып, 2021-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча активдер 39,96 млрд.сом, ал эми кардарлардын күндөлүк эсептери жана депозиттер көлөмү 22,86 млрд. сом чегине жеткен. Бул албетте, банктын туруктуу ишин, калайык калктын ага болгон толук ишениминин айкын далили.

«Айыл Банк» ААК басма сөз кызматы

5511 (чалуу акысыз) 

+996 (312) 68 00 00 

WhatsApp: +996 (770) 55 11 00

 

← Тизме боюнча артка