Социалдык жардамдын катышуучулары үчүн жеңилдетилген насыялар

pic
Кредит суммасы 10 000 - 200 000 сом
pic
Пайыздык чендер 0%

Кредитти сунуштоо шарты

Максаттуу топ:

Банкка кайрылган учурда 6 айдан кем эмес мөөнөткө жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн негизинде экономикалык ишмердиктин субъекттери болуп саналган социалдык контракт аркылуу социалдык жардамдын катышуучулары.

Кредиттин багыты:

долбоордун алкагында 2024-жыл аралыгында каржылоо социалдык контракттын негизинде мурда алынган каражаттарга уюштурулган бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо жана коммерциялык максатта иштеп жаткан киреше алып келүүчү ишти өнүктүрүүгө берилет (катышуучулардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан түзүлөт).

Насыянын шарттары:

Насыянын суммасы: 

  • 10 000 сомдон 100 000 сомго чейин – кепилдиксиз жана күрөөсүз – 0%;
  • 100 000 сомдон 200 000 сомго чейин – 1 адамдын кепилдиги/кыймылдуу мүлк/кыймылсыз мүлк – 0%.

Насыянын мөөнөтү: 36 ай.

Документтердин тизмеси:

  • «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу (мындан ары - ВЭӨТ «Түндүк») жеке маалыматтарды алууга макулдук берүү; 
  • насыя алуучунун жана анын жубайынын паспортунун көчүрмөсү; 
  • насыя алуучунун жубайынын/жолдошунун каза болгондугун тастыктоочу күбөлүктүн көчүрмөсү; 
  • гаранттын/күрөө берүүчүнүн жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү, нике тууралуу күбөлүк/ажырашкандыгы/күрөө коюучунун жубайынын өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктү "Түндүк" ВЭӨТтүн жеке маалыматтарды алууга макулдук берүү;
  • 6 айдан кем эмес ишкердик (эмгек) ишмердигин жүргүзгөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү; 
  • салыктык каттоо жөнүндө / салыктар жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу справкалар;
  • күрөө берилген учурда күрөө боюнча документтер.

Кароо мөөнөтү: 14 календардык күндүн ичинде.

Кредитти кантип алса болот

1
Кредит алууга билдирме

Сайт аркылуу же банктын кайсыл болбосун
бөлүмүнө келип билдирме толтуруу

2
Билдирмелерди кароо

Тактоо үчүн биз сиз
менен байланышабыз

3
Акчаны банктан алгыла

Чечим чыккандан кийин тиешелүү
бөлүмгө келип акчаны алсаңыз болот

Кредитиңизди эсептеңиз
Эсептөөлөр маалыматтык мүнөзгө ээ
жана ачык жарыяланбайт
Ар айлык төлөмдөр суммасы
Бүтүндөй кредиттөө мезгили ичиндеги төлөөлөрдүн жалпы суммасы