АБ - Лизинг

Параметрлер

Мазмунуе

Максаттуу топ

Кыргыз Республикасында катталган жана өз ишмердүүлүгүн жеке ишкерлер, дыйкан (фермердик) чарбалар, муниципалдык ишканалар, коммерциялык уюмдар жана башка чарба жүргүзүүчү формаларда жүзөгө ашырган, «Айыл Банк» ААКсынын Кредит саясатынын жана лизинг/кредиттөө боюнча ченемдик документтеринин талаптарына ылайык келген Кыргыз Республикасынын чарба жүргүзүүчү субъектилери.

Лизингдин багыты

Мурда колдонулбаган техниканын/жабдуулардын төмөнкүдөй түрлөрү:

 

1) айыл чарба техникаларынын жана асма, чиркеме жабдуулардын бардык түрлөрү;

2) адистештирилген техника;

3) транспорттук каражаттардын бардык түрлөрү;

4) өнөр жай, технологиялык, өндүрүштүк жана башка жабдуулардын бардык түрлөрү;

5) ишкердик ишмердүүлүгү максатында колдонула турган бардык керектелүүчү буюмдар, анын ичинде мүлктүк комплексттер, имараттар, курулмалар, жабдуулар, транспорттук каражаттар жана Банктын Кредит саясатынын талаптарына каршы келбеген башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр (тез бузула турган предметтерден башка).

 

Лизингдин валютасы

- кыргыз сому;
- АКШ доллары.

Лизингдин мөөнөтү

- 5 жылга чейин – бардык типтеги жүк ташуучу машиналарга;
- 6 жылга чейин – калган бардык лизинг предметтерине.

Пайыздык чен

Пайыздык чен лизингдин максатына, лизингдин суммасына (лизинг предметинин жалпы наркы), лизингдик валютасына жана өздүк салымдын өлчөмүнө (лизингдин суммасынын пайыздык катышына) жараша өзгөрөт.

    a) Атайын техника, коммерциялык кыймылсыз мүлк, автотранспорт, айыл чарбалык эмес багыттагы жабдуулар:

 

Сом менен:

Өздүк салым       

 

Лизингдин суммасы*

өздүк салым 30% жана андан ашкан учурда

өздүк салым 20% тартып 29% чейин болгондо

өздүк салым 10% тартып 19% чейин болгондо

 

15

16

17

 

АКШ долларында:

Өздүк салым       

 

 

Лизингдин суммасы*

өздүк салым 30% жана андан ашкан учурда

өздүк салым 20% тартып 29% чейин болгондо

өздүк салым 10% тартып 19% чейин болгондо

 100 миң АКШ.долл.чейин

11

12

13

100 миң АКШ.долл. чейин жана андан жогору

10

11

12

   б) Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана тамак-аш продукциясын өндүрүү боюнча айыл чарба техникалары жана жабдуулары:
     - сом менен жылдык 16 (он алты) % ;

     - АКШ доллары менен жылдык 10 (он) %.

Лизинг алуучунун долбоор боюнча өздүк салымы

Лизинг алуучунун өздүк салымы башка түз чыгымдарды эсепке албаганда акчалай түрдө лизинг предметинин наркынын 10% кем эмес бөлүгүн түзүүгө тийиш.

 

Кийин алдын ала берилген өздүк салым лизинг боюнча биринчи төлөм катары пайдаланылат.
 

Лизинг алуучу бажылык тазалоо жана тариздөө боюнча акча каражаттарын, ошондой эле лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруу сыйлыгын төлөө үчүн каражаттарды өздүк салымдан өзүнчө төлөп берүүгө милдеттүү.

Лизинг боюнча камсыздоо

1. Өздүк салым лизинг предметинин наркынын 30% өлчөмүндө төлөнгөн учурда, кайтарып берүү кепилдиги катары лизинг предметинин өзү каралат;

2. Өздүк салым лизинг предметинин наркынын 30% чейинки өлчөмүн түзгөн учурда Банктын Күрөө саясатынын талаптарына ылайык, кыймылсыз мүлк түрүндөгү кошумча күрөө мүлкүн берүү зарыл болот. Өздүк салым 30% аз болгон учурда 30% менен иш жүзүндө төлөнгөн өздүк салымдын ортосундагы жетишпеген айырманы жабууга тийиш.

3. Алдын ала аныкталган орунга, имаратка жана/жерге долбоорлонгон жана кыймылсыз орнотула турган атайын жабдууну алууда, лизинг алуучу ошол имаратта бизнес жүргүзүүгө мамлекеттик түзүмдөрдүн тиешелүү уруксат берүүчү документтеринин негизинде алынган жабдуу орнотула турган имаратты жери менен бирге кошумча күрөө катары берүүгө милдеттүү болот.

Лизингди төлөөнүн графиги

  • Пайыздар боюнча – ай сайын жана чейрек сайын;
  • Негизги сумма боюнча: айыл чарбалык жана өндүрүштүк багыттагы техникалар жана жабдуулар үчүн – лизинг алуучунун бизнесинин акчалай агымына ылайык, бирок жылына 2 жолудан кем эмес;
  • Негизги сумма боюнча: башка багыттардагы лизинг предмети үчүн –  ай сайын жана чейрек сайын.

Жеӊилдик мөөнөтү

  • Пайыздар боюнча – 3 айга чейин;
  • Негизги сумма боюнча: айыл чарбалык жана өндүрүштүк багыттагы техникалар жана жабдуулар үчүн – 6 айга чейин;
  • Негизги сумма боюнча: башка багыттардагы лизинг предмети үчүн – 3 айга чейин.

Лизинг предметин камсыздандыруу

Лизинг предмети кардар тарабынан мүмкүн боло турган бардык зыян түрлөрүнөн, анын ичинде өлүм, жоготуу, уурдоо, бузуу, зыян келтирүү жана мөөнөтүнөн эрте эскирүү сыяктуу зыяндардан камсыздандырылган болууга тийиш.
Зыянга жана эскирүүгө азыраак дуушар болгон жана наркы 1 500 000 сомдон ашпаган асма жабдууларды камсыздандыруу – милдеттүү эмес.

Чектөөлөр

Лизинг алуучунун лизинг предметин сублизингге бергенге укугу жок.

Өзгөчө шарттар

  • ар кандай жыйымдар, кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы, салык төлөмдөрү жана лизинг предметин тасриздөөдөгү алымдар лизинг алуучу тарабынан төлөнөт;
  • лизинг алуучу лизинг предметинин сакталышы жана талаптагыдай пайдаланылышы үчүн жооп берет;
  • лизинг алуучу жыл сайын өздүк каражаттардын эсебинен техниканын абалына карата техникалык кароодон өтүүгө милдеттүү;
  • лизинг предмети боюнча камсыздоочунун жана сервис кызматынын өкүлү жок болгон учурда, лизинг алуучу менен макулдашуу боюнча лизинг предметине кепилдик тейлөө жана кепилдиктен кийинки тейлөө үчүн жоопкерчилик лизинг алуучуга жүктөлөт
Рассчитайте стоимость лизинга
Расчет носит информационный характер и не является публичной офертой.
Сумма собственного вклада
Сумма лизинга
Ежемесячный платеж
или Ежеквартальный платеж