ОКӨФ - Лизинг

Лизингдин багытталышы.

Айыл чарба техникасын жана жабдууларды, кайра иштетүү, өнөр жай, тамак-аш багытындагы жабдууларды жана асыл тукум малды сатып алуу, анын ичинде төмөнкүлөрдү:

  • айыл чарба техникасын;
  • тамак-аш өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканалар үчүн өнөр жай жабдууларын;
  • айыл чарба жана даяр тамак-аш продукциясын сактоо үчүн логистикалык борборлор үчүн жабдууларды (сактагычтар, кампалар);
  • продукцияны сорттоо жана таңгактоо боюнча жабдууларды;
  • даяр айыл чарба продукциясын сатуу түйүндөрү  үчүн жабдууларды;
  • өндүрүш объектилерин куруу үчүн адистештирилген техниканы;
  • жол куруу үчүн адистештирилген техниканы;
  • медициналык жабдууларды;
  • телекоммуникация жабдууларды;
  • машина куруу үчүн жабдууларды;
  • полиграфиялык жабдууларды;
  • сүт жана эт-сүт багытындагы, эт багытындагы асыл тукум бодо малды;
  • Фонд Башкармасынын отурумунун протоколунда белгиленген, Фонд Башкармасы менен макулдашуу боюнча жабдуулардын жана малдын  башка түрлөрүн.

Жабдып туруучуну тандоодо артыкчылык Кыргыз Республикасында же Россия Федерациясында чыгарылган товарларга жана кызматтарга  берилиши керек. Өзгөчө болуп төмөнкү учурлар саналат:

  • Табыштама берүүчүгө керек болгон товарлар жана кызматтар Кыргыз Республикасында же Россия Федерациясында чыгарылбайт;
  • Башка өлкөдөн жабдып туруучу, ошондой эле шарттарда, Фондунун катышуучу-өлкөлөрүнүн жабдып туруучулардын баасынан 15%дан кем эмес арзан баада сунуштайт.
Лизингдин валютасы - Сом, россиянын рубль, АКШнын  доллары.
Лизингдин мөөнөтү

-  сом менен жана россиянын рубли менен – 5 жылга чейин;

-  АКШнын доллары менен – 7 жылга чейин.
Пайыздык чен

-  сом менен – жылдык 9 (тогуз) пайыз;

-  АКШнын доллары менен – жылдык 5 (беш) пайыз;

Долбоор боюнча Лизинг алуучунун өздүк салымы

- Лизинг алуучунун өздүк салымы, түз чыгымдарды эсепке албастан, акчалай,  лизинг предметинин  наркынан 10%дан кем эмес өлчөмдө болушу керек.

-Кийинкиде төлөнгөн өздүк салымы, лизинг боюнча биринчи төлөм катары колдонулат.

-Ошону менен бирге,  лизинг предметин сатып алуу менен байланышкан долбоордо лизинг алуучунун салымы, лизинг предмети боюнча өздүк салымын эске албай, долбоордун наркынан 15% кем болбошу керек.   

Лизинг боюнча камсыздоо
  1. Өздүк салым лизинг предметинин наркынан 30%дан баштап жана андан жогорку өлчөмдө төлөнсө, төлөп берүүнүн  кепилдиги болуп лизинг предмети  эсептелет;
    1. Өздүк салым лизинг предметинин наркынан 30%га чейинки өлчөмдө төлөнгөн учурда, Банктын Күрөө саясатынын талаптарына ылайык, кыймылсыз мүлк түрүндө кошумча күрөө мүлктү берүү зарыл. Күрөө камсыздоосу жетишсиз/ жок болгон учурда, Банк кызматташуу жөнүндө макулдашуу боюнча гарантиялык фонддордун гарантиясын (кепилдигин), лизинг предметинин наркынан 20%га чейин камсыздоо катары кабыл алышы мүмкүн.    Өздүк салым 30%дан кем болгон  учурда, күрөөнүн наркы жана/ же гарантиянын суммасы,  30% менен төлөнгөн өздүк салымынын ортосундагы жетишсиз айырмасын жабышы керек.
    2. Өздүк  салымы 30%дан кем болгон учурда, күрөөнүн наркы, лизинг предметинин 30% менен төлөнгөн өздүк салымынын ортосундагы жетишсиз айырмасын жабышы керек.
    3.  Лизинг предмети өзгөчө мүнөздө болгон (айыл чарба техникасынан жана агро кайра иштетүүдөн тышкары) айрым учурларда,  Банк 120%дан кем эмес деңгээлге чейин кошумча күрөөнү (лизингге сатып алынган лизинг предметинин күрөө наркын эске алуу менен) талап кылууга укуктуу.
    4. Карыз алуучу кайра иштетүүчү жабдууларды алган учурда, бизнести жүргүзүүгө мамлекеттик органдарынын тиешелүү уруксаат берүүчү документтери  менен жабдуулар орнотула турган  имаратты жери менен кошумча күрөөгө коюуга милдеттүү.
Лизингди төлөө графиги

Пайыздар боюнча  - ай сайын, квартал сайын;

Негизги карыз боюнча – карыз алуучунун бизнесинин акча агымдарына жараша, бирок жылына 2 жолудан кем эмес.
Жеңилдетилген мезгил

Пайыздар боюнча - 3 айга чейин;

Негизги карыз боюнча – 12 айга чейин.

Өзгөчө шарттар

- лизинг предметин тариздөөдө, ар кайсы жыйымдар, кызматтардын наркы, салык төлөмдөр жана алымдар лизинг алуучу тарабынан төлөнөт;

- лизинг предметинин сакталышы жана талаптагыдай колдонушу үчүн жоопкерчиликти лизинг алуучу тартат;

- лизинг алуучу техниканын техникалык абалынын кароосунан жыл сайын, өз каражаттарынын эсебинен өткөрүүгө милдеттүү.

- Лизинг алуучунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү 12 айдан кем эмес.

* Натыйжалуу пайыздык чен: сом- 10,29%, доллар – 5,09%

Рассчитайте стоимость лизинга
Расчет носит информационный характер и не является публичной офертой.
Сумма собственного вклада
Сумма лизинга
Ежемесячный платеж
или Ежеквартальный платеж