ТУРУМБЕКОВ ТАЛАЙБЕК НАСЫРКАНОВИЧ

Директорлор Кеңешинин мүчөсү

Жогорку билими:

1987-1992. КМУ. Юридикалык факультеттин укук таануу адистиги.

2009-2011. “Санкт-Петербург мамлекеттик жарандык авиация университети”, Экономика жана унаа системаларын башкаруу институту. Экономика жана ишканадагы башкаруу”, “Ишкананын финансысын башкаруу” адистиктери боюнча. Экономист-менеджер квалификациясы бар.

2007-ж. Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын Аспирантурасынын сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн. 

Иш тажрыйбасы:

1992-1995. “Бакай-Ата” чакан ишканасы, юрист.

1996-1997. “Тотон” финансы-өнөр жай фирмасы, юрист.

1997-1999. "Асейин" өндүрүштүк –коммерциялык фирмасы, юрист.

2000-2001. Банктарды кайра уюштуруу жана карызды реструктуризациялоо боюнча агенттиктин (DEBRA) Юридика бөлүмүнүн начальниги.

2001-2002. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын буйругу боюнча, атайын администратордун өкүлү, “Курулуш-Банк” АКБнын Токмок филиалынын башкаруучусу.

17.05.2001-17.06.2002. “Инсан” АКБ, атайын администратордун жардамчы-юристи.

23.09.2002-01.05.2003. “Экобанк” АКсынын коопсуздук кызматынын башчысы. Банктын экономикалык коопсуздугун укуктук камсыздоо, көйгөйлүү кредиттер менен иштөө, банктын карыз алуучулары менен иштөө.

01.05.2003-17.09.2004. “Ак-Банк” ААКсы Башкармасынын мүчөсү, Юридика бөлүмүнүн начальниги.

24.05.2005-11.05.2007. “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын юридика кызматынын начальнигинин орун басары.

2006-2011. “Айыл Банк” ААКсынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү.

2007-2008. “Авиакомпания Кыргызстан” ААКсынын  укуктук маселелер боюнча Президенттин кеңешчиси. Коомдун катчысы.

2008-2010. “Авиакомпания Кыргызстан” ААКсынын вице-президенти.

2011-2013. “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча вице-президенти.

11.03.2013-08.04.2013. “Манас Хендлинг Групп” ЖЧКнын (“Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын туунду ишканасы) директору.

15.04.2013. Азыркы мезгилге чейин “Транс Азия Экспресс” ЖАКтын Президентинин экономика жана логистика маселелери боюнча кеңешчиси.

2013. “РСК Банк” ААКсынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү.

05.2019. Азыркы мезгилге чейин “Айыл Банк” ААКсынын Директорлор Кеңешинин мүчөсү.

← Тизме боюнча артка